Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Пекин шаарына жумушчу визит менен келди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде жумушчу визит менен Кытай Республикасынын Пекин шаарына келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү – 2019 көргөзмөсүнө” катышат.

Форумдун талаасында Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпин, ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин,Кыргызстан менен экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүргүсү келген бизнес-компаниялардын жетекчилери, ошондой эле илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын көргөзмө павильондорун көрөт, делегациялардын башка жетекчилери менен бирге “Достук оазиси” гүлбакчасында дарак отургузат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: