Menu

Чубактын куну болсо да…

Бөлүшүү:

Айтылуу саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровго байлынышкан сот процесстери Чубактын кунундай созулуп, саясий буюртма ого бетер сасып дегендей, аягы көрүнчүдөй эмес.

Февраль айынын аягында массалык маалымат каражаттары аркылуу жарыялангандай Ө. Текебаев менен С. Жапаровду азаттыкка чыгаруу боюнча кезектеги сот процесси бир күнгө, бир саатка, б.а. 23-апрелде саат 9га Жогорку сотто дайындалган эле.

Убакыт көрсөткөндөй, дайындалган мөөнөткө 1 жума калганда жогорудагы бир саатка дайындалган чуулгандуу 2 процесс 2 башка убакытка өзгөртүлүп белгиленди: Садыр Жапаров боюнча өтүнүчтү кароо эртең мененки саат 9га, Өмүрбек Текебаевге байланыштуу ишти кароо ошол эле күнү саат 16.15ке кайра дайындалган

Текебаев менен Жапаров негиздеген жана жетектеген партиялар биригишпесе да, алдыдагы сот процесстерине биргелешип даярдануу максатында бул эки саясий уюмдун кеңселери ата мекенчилдердин офисине жайгашышкандыгы маалым. Алар 23-апрелге карата 6-7 партияны, көптөгөн коомдук уюмдарды баш коштуруп, нааразылык акциясына алып чыгууну алдын-ала пландаштырышкан болчу. Мындан чоочуган бийлик не кылаарын билбей, айла кеткенде, процесстерди 2 башка саатка ажыратып дайындагандыктары да мына ошондон.

23-апрелде саат 9га белгиленген процесс, кыргызчылык дегендей, 10го барып башталды. Башталаар замат чатакка айланды. Төрагалык кылуучу Лепес Темирбеков сот отурумун ачык деп жарыялап, адвокаттарга сөз бергенде, Садыр Жапаровдун укугун коргогон 12 адвокаттын жетекчиси Шарабидин Токтосунов мындай деди:

— Урматтуу төрагалык кылуучу, сот отурумун ачып жатып сиз олуттуу катачылыкка жол койдуңуз: биринчиден, сиз алгач соттук коллегиянын мүчөлөрүн тааныштырууга тийиш элеңиз. Экинчиден, сиз мурда да Садыр Жапаровдун ишин караган процесстерге катышкансыз жана мыйзамсыз чечимдерди кабыл алууга салым кошконсуз. Демек, бул жерде сиздин иштин натыйжасына кызыккан жериңиз бар экендиги талашсыз. Ошондуктан, биз, адвокаттар тобу, сизге ишенбөөчүлүк жарыялайбыз…

Ошол замат залдан: “туура, туура…” деген сөздөр жаңырды.

Соттук коллегиянын мүчөлөрү бир саамга өз ара күбүрөшө түшүшүп, Темирбековдон башкасы кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетишти да, арадан 20 чакты мүнөт өткөн соң пайда болушуп, адвокаттардын талабын канааттандыруу токтомун жарыя кылышты.

Келерки сот отуруму Л. Темирбеков кирбеген курамда 30-апрелге дайындалгандыгы маалым болду.

Бул учурда Жогорку сот жайгашкан эски аянтта Садыр Жапаровдун тарапташтары, журналисттер, коомдук тартиптин сакчылары турушту.

Саат 11.30 ченде күн чыгыш тараптан — Тыныстанов көчөсү жактан Абдымомунов көчөсүн жээктеп эки топко бөлүнгөн кызыл-тазыл желектерин булгалап, кызыл ыраң кол чатырларын көтөрүшкөн Ата мекенчилердин 2 колоннасы: “Текебаевге эркиндик! Жапаровго эркиндик!” деген кыйкырык-ураандар менен эски аянттагыларга келип кошулушту.

Түштөн кийин маалым болгондой, “прокурордун иштин материалдары менен тааныша электигине байланыштуу” Текебаевдин адвокаттарынын өтүнүчүн карай турган сот отуруму 3-майга которулгандыгы маалым болду.

Коомчулукка маалым болгондой, түшүнгөн кишиге Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын өтүнүчү карала турган сот отуруму маскарачылыктын эле өзү болду. Эмне үчүн дегенде, сот отурумуна төрагалык кыла турган Л. Темирбеков мурда да С. Жапаровго байланышкан сот отурумдарына катышып келгендигин алдын ала билгендиктен, бул ишке катышуудан тээ бир ай мурда эле баш тартууга тийиш болчу. А, мүмкүн, ал бул нерсени алдын ала билип турса да, ишти атайылап создуктуруу үчүн ушундай кадамга барган болуп жүрбөсүн?..

Ал эми Текебаевдин ишине келе турган болсок, аталган сот отурумдары мындан 2 ай мурда эле дайын болгондуктан, прокурор иштин материалдары менен 2 ай мурда эле таанышып чыкканга үлгүрсө болмок. Текебаевдин иши менен 90догу кемпир-чал, бешиктен бели чыга элек бөбөк да тааныш экендигин эске ала турган болсок, прокурордун тигинтип жарыя кылышын кадимки эле арамзалык – саясий буюртманын далили десе эч кандай жаңылыштык болбойт.

Сот тармагындагы саясий буюртма отурумдарды эске албаганда да, өлкөдөгү уран, алтын, көмүр жана башка кендерге байланыштуу чыр-чатактар басылбай, улам күчөп бараткан кезде соттордогу жогорудагыдай жасалма жагдайларды колдонуу бүгүнкү бийликке — Сооронбай Жээнбековго керек деле болбосо керек.

А, мүмкүн, 23-апрелдеги соттук чечимдерде Атамбаевдин таасири байкалып жүрбөсүн?…

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: