Menu

Июнь айынан тартып, «Ташкент-Балыкчы» поезд каттамы ачылат

Бөлүшүү:

«Ташкент-Балыкчы» поезди Өзбек темир жолунун курамы менен жумасына бир жолу каттайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын расписаниеси төмөндөгүчө:
Алгачкы курам 2019-жылдын 6-июнунда бейшемби күнү Ташкент шаарынан Ташкент убактысы боюнча саат: 20 саат 50 минутада чыгат жана 7-июнь жума күнү Бишкек убактысы боюнча 19 саат 03 минутада
Бишкек шаарына келет.

Ал эми 8-июньдан тартып, ар ишемби күнү 04 саат 59 минутада Балыкчыдан кайра жөнөп, 9-июньдан тартып, ар жекшемби күнү Ташкент убактысы боюнча Ташкент шаарына 05 саат 00 минутада келет. Аталган поезд курамы ар бейшемби күндөрү Ташкенттен чыгат жана ар ишемби күндөрү Балыкчыдан кайра Ташкент шаарына жөнөп кетет. Жүргүнчүлөрдү ташуучу «Ташкент-Балыкчы» поезд каттамына билеттер сатыла баштады. Вагондордун категориясына жана билеттерди сатып алуу мөнөтүнө жараша билеттерди сатып алууда жеңилдиктер берилет.

Билет баалары:
-Бишкек шаарынан Ташкент шаарына чейин плацкарт вагонуна 1 946 сомдон,
-купе вагонуна 2 461 сомдон,
-люкс вагонуна 4 602 сомдон башталат.

Уюшуп жамаат менен жүрүүчү жүргүнчүлөргө билет сатып алууда адамдардын санына жараша 30%га чейин жеңилдиктер берилет. Курамында вагон-рестораны бар. Жолдо жүрүү убактысы Бишкектен  Ташкентке чейин бардык мамлекеттик чек ара өткөрмө пункттарын кошкондо 20 саат 30 минут.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: