Menu

Май айындагы майрамдарга карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн  тартипте иштешет

Бөлүшүү:

Май айынын башында Эмгек күнүнө, Конституция күнүнө, Жеңиш күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар, элдик эс алуулар пландалган. Май майрамдары көптөгөн жарандардын катышуусундагы массалык жана коомдук-саясий маанидеги иш-чаралар  өткөрүлөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми, жогорудагы иш-чараларды майрамдоо учурунда милиция кызматкерлеринин алдында коомдук жайларда жана көчөлөрдө коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоо, укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу, ага бөгөт коюу боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүү  тапшырмалары турат.

Азыркы убакта милициянын аймактык түзүмдөрүнүн нөөмөт бөлүктөрүндө кырсык болгон жерге ыкчам жетүү үчүн күчөтүлгөн ыкчам-тергөө топтору уюштурулду. Ар дайым өздүк курамга кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо боюнча тескеме өтүп турат. Өзгөчө маанилүү, стратегиялык жана коргоого алынган обьекттер күчөтүлгөн тартипте күзөт коюлат.

Республиканыны аймагында майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү маалында жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн 8 миң милиция кызматкерлери менен 5 миң  элдик коошундар тартылат.

9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгына карата  борбордун шаарыбыздын “Жеңиш” аянтында жана “Өлбөс полкту” өткөрүүдө Бишкек ШИИББдин 3 миңден ашык кызматкери    коомдук коопсуздукту камсыздашат.

Биздин башкы максатыбыз, май майрамдары убагында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн тартипти жана тынч эл алуусун тиешелүү деңгээлде камсыздоо.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: