Menu

Видео – Депутат Алманбет Шыкмаматов митингчи жигит Агзам Данияровдон кечирим сурады

Бөлүшүү:

Өткөн аптада уранды казууга каршы уюштурулган митингде айрым саясатчыларга микрофон бербей, аларды элдин арасынан сүрүп чыккан балдар болгон. Ошол жигиттерди айрымдар сөз бербей койгону үчүн чыгымчы аташкан эле. Ошол чагымчы деген адам Агзам Данияров видеобилдирүү жасады. Анын кайрылуусунда, ал эч кандай провакатор эместигин айтып, дарыгер болуп иштээрин жана уран темасын саясатташтырбоого чакырган эле. Көп өтпөй эле бул тууралуу ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирүү жасады: “Агзам, иним, мен уран боюнча да өзүн менен тилектешмин. Уранды казууну токтотуунун бир жолу, мыйзам кабыл алуу, башка жол жок. Митингдин да негизги урааны, тез арада мыйзам кабыл алуу болчу. Ошондуктан уран казууну токтотуу боюнча мыйзам долбоорунун авторлорунун бири катары пикиримди билдирейин эле дегем. Сенин патриоттук сезимине таазим этем! Сени провокатор болушу мүмкүн деген божомолум үчүн сенден расмий түрдө кечирим сурайм!! Аман бол, бар бол!”,- деп жазган Шыкмаматов.

Эске сала кетсек, 26-апрелде Ак үйдүн алдында жана аянтта “Биз уранды казганга каршыбыз” деген ураан менен эл митингге чыгышкан. Анда митингдин катышуучулары саясатчыларга сөз бербей, микрофонун алып коюшкан.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: