Menu

Баланы мектепке киргизүү канча турат?

Бөлүшүү:

Ар бир эле ата-эне балдарына татыктуу билим берүүнү каалайт. Бирок бүгүнкү күндө баланы мектепке киргизүү оңой эмес, өзгөчө шаар жергесинде. Ал үчүн ата-энелер балдарын мектеп директоруна же атайын мектептин атынан ачылган фонддорго белгилүү сумманы төлөөрү жашыруун эмес. Окуу жылынын башында ата-энелер арасында кайсы мектепке канча сом берип баласын киргизгендиги тууралуу кызуу кептерди уксаң болот.

Ошто абал кандай?

Ош шаарынын тургуну Асел Арзыматова (каармандын аты-жөнү өзгөртүлдү) мектеп босогосун жаңы аттаган кызын биринчи класска киргизүү үчүн шаардагы мектептердин биринин директоруна 1000 сом берүүгө аргасыз болгон. Мындан тышкары, мектептин ремонтуна, кароолчуларына, майрам сайын мугалимдерге 400 сомдон 1000 сомго чейин акча төлөнүүсү шарт. Мектеп курагындагы 4 баласы бар экендигин айткан Асел эже: «Өзүм жакшы жумушта иштебегендиктен турмуш-шартым оор. 4 балам тең мектепке баргандыктан мугалимдер айткан акча мен үчүн көп. Азыр мен окуучу эмес, жогорку окуу жайда студент окуткандай абалдамын. Биз берген акчалар мектепке эмес, түз директордун чөнтөгүнө кетээрин бардык эле ата-энелер билет.  Төлөбөй коеюн десең, балдарыма мектепте кысым болуп, жакшы окутпай коюшабы деп корком»,- дейт.  Арзыматова бул маселе боюнча шаардык билим берүү башкармалыгына арызданган. Бирок ал жерден мектепке эч кандай акча төлөө зарылчылыгы жок экендигин, шаардык казынадан ар бир мектепке жыл сайын 120 миң сом бөлүнөөрүн айтышкан. Ал убакта окуучусунун ата-энеси билим берүү башкармалыгына даттанганын уккан мектептин директору Арзыматованын балдарын кысымга алып, өзүн опузалаганга чейин барган. Балдарынын келечегинен корккон эне ошондон бери айтылган акчаны калтырбай берип келет.

Гимназиялар 8 миң сом алат

Бишкек шаарынын атын атагысы келбеген тургуну баласын борбордогу көрүнүктүү делген мектеп-гимназиялардын бирине киргизүү үчүн 8 миң сом берген. Мектеп мугалимдери ачык эле акча сурашып, каражаттын мектеп жана класстык бөлмөлөргө керектелүүчү буюмдарга жумшалаарын айтышкан. «Ыктыярдуу демөөрчүлүк” деп коюшат экен. Акчаны мектептеги медпункттарга жана класстык бөлмөлөргө керектүү буюмдарды алуу үчүн колдонулаарын айтышты. Бирок биз эч кандай мектеп фондуна же банк эсебине эмес, мугалимдердин өз колуна эле бергенбиз»,- дейт ал.

Директорлорго депутаттын алы жетеби?

Мектептеги жемкорлук көйгөйүн Жогорку Кеңеште көтөргөн депутат Тазабек Икрамов бул маселени териштирүү максатында УКМК, прокуратура кызматкерлери жана депутаттардан турган комиссия түзүлгөндүгүн билдирип: «Билим берүү жайларында коррупциянын бар экендигин баарыбыз эле билебиз. Бирок мектеп директорлору же мугалимдер пара алып жаткан жеринен гана кармалбаса, жөнөкөй убакытта эч качан мойнуна алышпайт экен»,- деген пикирин айтты. Депутатка балдарын мектепке алуу үчүн акча талап кылынгандыгына даттанып үч ата-эне кайрылган. Бишкектеги № 61 жана № 67 мектептер жана № 35 бала бакча үстүнөн арызданган ата-энелер аталган жайлардын 1500-2000 доллардын тегерегинде акча сурагандыгын айтышкан. «Мага кайрылган жарандар мындай акчаны берүүгө дарамети жетпейт. Окуянын жөн-жайын териштирүү максатында бул окуу жайларына чалганымда жетекчилиги мектептерде орундардын жетишсиздигинен улам окуучуларды кабыл алышпагандыгын айтышты»,- деди эл өкүлү.

Мектеп ремонтуна атайын акча бөлүнөт

Шаардык  билим берүү башкармалыгы жана мектеп директорлору канчалык актанышпасын, баланы окуу жайга киргизүү үчүн эбегейсиз акча талап кылынуусу кадимки эле көрүнүш. Ал эми мектептерде ар кандай шылтоолор айтылып окуучулардан акча жыйналышы көнүмүш  адат. Көпчүлүк ата-эне балдарынын билим алгандыгына кубанып, мындай окуяларга көз жумуп келет. Ал эми Каржы министрлигинин билдирүүсү боюнча өлкөдөгү окуу жайларды оңдоп-түздөө үчүн 903,9 млн. сом бөлүнүп берилген.

Жогоруда айтылган көйгөйлөр боюнча Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле МЕЙРМАНОВАны сөзгө тарттык. 

saule-mejrmanova

Сауле МЕЙРМАНОВА: “Мугалимдерге акча тууралуу сөз кылууга да тыюу салып жатабыз”

Сауле Жаксылыковна, азыр баланы мектепке киргизүү үчүн ата-энелер мектеп директорлоруна чоң суммадагы акчаны берип жатканы жашыруун болбой калды окшойт…

Директорлор акча алып жатат дегенди жалган маалымат деп айтаар элем. Акчаны ким, качан, кандай жагдайда алганы тууралуу конкреттүү фактылар болсо жакшы болмок. Ооба, мектепке баланы себепсиз эле албай кое алышпайт, бирок албай жатса, анын себеби бар. Мектепте балдар өтө көп. Үч жыл мурда 13 миң баланы биринчи класстарга кабыл алсак, быйыл 17 миң баланы киргиздик. Көрдүңүзбү, жылына мектепке жаңы кирген балдардын саны өсүп жатат, бирок мектептердин имараттары чоңойгон жок да. Ошон үчүн ар бир класста 50гө чейин бала окуп жатат.  Эгер мектеп директору акча талап кылса, тиешелүү органдарга арыз жазса, маселе ошо бойдон калбасын баары эле жакшы түшүнүшөт. Ата-энелерде мектеп боюнча суроо же талап болсо, директорго түз эле кайрылса, директорлор жооп берүүгө милдеттүү.

Мектептер үчүн ата-энелер ай сайын жыйнап жаткан акча тууралуу эмне дейсиз?

Негизи ата-энелер жыйнаган акчалар өз эрки менен берилген каражаттар экенин түшүнүшү керек. Ата-энелер коомдук бирикмелерге, фонддорго биригип алып өз эрки менен ушундай иштерди жасап жатса, мектеп эмнеге мындан баш тартышы керек? Мунун иштөө механизми азыр мыйзамдаштырылды, себеби камкорчулар кеңеши бүгүн ар бир мектепте түзүлдү. Азыр Бишкекте Билим берүү жана илим министринин буйругу менен пилоттук долбоор ишке ашып жатат. 28 мектеп буга катышууда. Долбоор боюнча бул мектептердин камкорчулар кеңешине атайын эсепти коммерциялык банктарда ачууга уруксат берилет. Ата-энелердин каражаты ушул коммерциялык банктарда сакталып, канча каражат кайда короп жатканы бардык тараптар үчүн ачык болот.

Жогорудагыдай негативдүү маалыматтардан улам биздин жакшы жагыбыз көмүскөдө калып жатат. Мисалы, 9-сентябрда Бишкек шаарынын мектеп окуучулары Москва шаарынын мэри Сергей Собянин уюштурган табигый илимдер боюнча дүйнөлүк олимпиадада 18 өлкөнүн ичинен үчүнчү орунду жеңип алышты. Бул дагы биздин билим берүү тармагынын дараметин аныктай турган көрсөткүч.

Канымжан ЖУСУПБЕКОВА, Алыкул Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиянын директору:kanymzhan-zhusupbekova

Канымжан айым, мектеп директору катары айтсаңыз, баланы бир мектептен экинчисине которуу же биринчи класска алуу үчүн 15 же 25 миң сом төлөдүк дегендер бар?

Азыр баланы престиждүү мектепте окутуу модага айланды. Эгер ата-эне баласын өзү каалаган мектепте окуткусу келсе, сөзсүз тууган же таанышын таап ага телефон чалдырат. Кайсы бир кызматта иштеген бирөө чалып, менин баламды ал десе, мен кантип андан 25 миң сурайм? Мен эч нерсе албайм, бирок келгендерден “сиз бирөөгө төлөдүңүзбү?” деп сурасам, “ооба, 10 миң төлөдүм” деп айтат. Жакында бир окуя болду, Малика К. деген жаңы келген окуучунун ата-энесинен бирөөгө акча берген-бербегенин сурасам, 10 миң сом беришиптир. Мен аларга айттым, мага эчтекенин кереги жок, барып акчаңызды кимге берсеңиз, ошондон алып алыңыз десем, эртеси акчаны бербей койду деп келди. Көрдүңүзбү, айрым адамдар мектеп директорлорун кандай жаманатты кылып жатышканын? Ортомчулардын ата-энелерге да, мектепке да кандай залакасы тийип жатат? Биздин мектепке бала киргизүү 25 миң сом турарын мен да уктум. Бул куру жалаа, ишенбегиле! Биздин мектепке балдар бекер эле киргизилет. Ошондой эле акча бергиңер келип жатса, атайын ачылган эсепке колуңардан келгенин төлөп койгула. Ага 500дөн 2000 сомго чейин салгандар бар, бирок 25 миң эмес. Биз да  ата-энелерден сурайт элек, кайсы мектеп директору кимден канча алганын конкреттүү айтса жакшы болот эле. Жебеген тамак үчүн ортомчулардын кесепетинен мектеп директорлору элге жаман көрүнүп жатат.

Азат Акаев

Булак: Де Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: