Menu

Казакстанда карантин режими июлдун аягына чейин узартылат

Бөлүшүү:

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Казакстанда карантин режими дагы эки жумага узартылат. Бул тууралуу 13-июлда өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Мамлекет башчы ошондой эле июль айында өкмөт муктаж жарандарга жардам катары 42 500 теңгеден (100 долларга жакын) төлөп берерин кошумчалады.

Казакстанда COVID-19 жана пневмония илдети жайылып кеткенине байланыштуу 5-июлда кайрадан эки жумалык карантин киргизилген. Алгачкы карантин пандемия жаңы башталган март айында жарыяланып, майдын ортосуна чейин күчүндө болгон.

Расмий маалыматтарга ылайык, Казакстанда COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 59 899 кишиге жетип, 375 бейтап каза болду. Бул статистикага пневмониядан көз жумгандар кирген эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкөдө өпкөсү кагынган 99 миң адам катталып, алардын 1772cи каза тапты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: