Президенттик аппараттын башчылыгына ким барат деген суроо коомчулуктун көңүл чордонунда турат. Буга дейре аталган кызматты экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын кишиси, КСДПдагы таасирдүү фигуралардын бири катары саналган Фарид Ниязов аркалап келген. Фарид мырза өз каалоосу менен кызматын тапшырып кетти. Эми анын ордуна президенттик аппарттын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келе жаткан Мукан Абулгазиев же Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Дүйшөн Ирсалиев барышы мүмкүн экени айтылууда. Бул экөө тең Кочкор районунун кулундары. Эгер Ирсалиев аппаратка келе турган болсо, Абулгазиев кызматынан кетүүгө туура келет.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ