Menu

Дүйнөлүк банк Бишкектин жылуулук тармагын жакшыртууга 46 миллион доллар кредит жана грант берет

Бөлүшүү:

Дүйнөлүк банк Бишкектин жылуулук тармагына 46 миллион доллар берет. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 10-сентябрда Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну жактырды. Тараптар Бишкекте “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” деп аталган долбоорду ишке ашырууну көздөп жатышат. Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жылуулук тармагын жакшыртуу, жабдууларды оңдоо боюнча долбоор үч баскычта ишке ашырылат. Ага жалпы 46 миллион доллар кетет деп эсептелген. Бул каражатты Дүйнөлүк банк насыя жана грант түрүндө берет.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: