Menu

Видео – Өзбекстан: милиция тарабынан сойкуканада тартылган видео талаш жаратты

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Анжиян облусунда жеке үйдөгү рейд маалында тартылып, кийин интернетке жайылып кеткен видеотасманын негизинде сойкукана уюштуруу беренеси менен кылмыш иши козголду.

Анжиян облусундагы Алтынкөл райондук милициясынын кызматкери ал үйдө сойкукана уюштургандарды жана анын кардарларын видеого тартып, аны интернетке жарыялаган.

https://www.youtube.com/watch?v=09VohpqRQm8

13-июлда Алтынкөл райондук соту үй ээсин сойкукана уюштурууга жана сойкулук менен алектенүүгө күнөөлүү деп таап, бир айлык төмөнкү маяна өлчөмүндө айып пул салган.

Бирок үйдүн ээлери милиция кызматкерин «адамдын абийирин тепселөөгө» айыптап, бул факты боюнча укук коргоо органдарынын тиешелүү чара көрүшүн өтүнүп жатышат. Алардын айтымдарында, 26-апрелде Надыр Маматкулов аттуу участкалык милиция кызматкери рейд өткөрүп, кийин анда тартылган видеолорду Telegram мессенжери аркылуу тараткан.

2 мүнөттүк видеодон эки бөлмөдө төшөктө жаткан жуптар бар экени, кийин алар суракка алынып, бир канча жолу сокку жегенин көрүүгө болот.

Ташкенттик адвокаттардын бири бул сыяктуу рейд учурунда видеого тартуу «өтө кычыктуу юридикалык маселе» экенин билдирди. Анын айтымында, мындай аракеттер Өзбекстан тарабынан ратификацияланган Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 12-беренесине каршы келет. Аталган беренеде жеке жана үй-бүлөлүк жашоого кийлигишүүгө, адамдын турак-жайынын кол тийбестигин бузууга, ошондой эле абийири менен кадыр-баркын кемсинтүүгө жол берилбей тургандыгы жазылган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: