Menu

Трамп Ак үйдүн алдындагы эки бизнес-кеңешти таркатты

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдүн алдындагы эки ишкерлик боюнча консультативдик кеңешти таркатты. Буга чейин анын курамынан ишкерлик жана өнөр жай тармагындагы бир канча республикачы чыгып кеткен.

Президент Твиттердеги баракчасына бул түзүмгө кысым көрсөткөндөн көрө аны таркатып жибергени жакшы экенин жазды.

Өнөр жай палатасы менен Стратегиялар менен саясатчылар форумунун мүчөлөрү, анын ичинде ири ишкерлер Трамп Шарлотсвиллдеги кагылышууларга ультранационалисттер гана эмес, алардын каршылаштары да күнөөлүү экенин билдиргенден кийин отставкага кетишкен.

Кошмо Штаттардын президенти Ку-Клукс-Клан өңдүү «жек көрүүчүлүк топторду» коргоого аракет кылбастан, аларды айыпташы керек деди NBC телеканалынын эфиринен Огайо штатынын губернатору, республикачы Жон Касич. Трамптын бул билдирүүсүнө Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен Германиянын канцлери Ангела Меркел дагы сын пикирлерин айтышты.

Шаршемби күнү Шарлотсвиллде 32 жаштагы Хизер Хейер жерге берилди. Ал 12-августта националист унаасы менен топтошкон адамдарды тебелетип кеткенде каза болгон. Шаардагы башаламандыктар генерал Роберт Линин эстелигин алуу боюнча бийликтин ниетине каршы нааразылык жүрүшүн өткөрүү үчүн националисттер келгенден кийин башталган. Жооп катары расизмдин каршылаштары да акцияга чогулушкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: