Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Шри-Ланканын Президенти Паллеуатте Гамаралаге Майтрипала Япа Сирисенаны Шри-Ланканын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Президенти Паллеуатте Гамаралаге Майтрипала Япа Сирисенаны Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Эгемендүүлүк күнү — Улуттук майрамы менен куттуктады. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Эгемендүүлүк күнү — Улуттук майрамы менен куттуктайм.

Кыргызстан менен Шри-Ланканын достук жана кызматташтык мамилеси биздин элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык нугунда андан ары өнүгөт деп ишенем.

Сизге чың ден соолук жана бакты–таалай, ал эми Шри-Ланка элине тынчтыкты жана өркүндөөнү каалаган менин чын дилден чыккан тилектеримди кабыл алыңыз», — деп белгиленет Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: