Menu

Аалы Карашев, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Уран биздин туризмге антиреклама болуп жатат”

Бөлүшүү:

– Аалы Азимович, азыр уран кенин иштетүүгө байланыштуу коомчулукта кызуу талкуу жүрүп жатат. Бул проблемага карата сиздин көз карашыңыз кандай?

– Мен бул маселени бир ай мурда көтөрүп чыккам. Жогорку Кеңештин жыйынында Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү боюнча өзүмдүн оюмду айттым эле. Ар бир мамлекетге эң бийик, баа жеткис нерсе – бул адамдын ден соолугу, өмүрү. Ага шарт түзүп берүү ар бир мамлекеттик органдын, өкмөттүн милдети. Март айынын башында мага «Балыкчыдан уран иштетүүгө байланыштуу эл нааразы» деген мааниде кайрылуулар келген. Эл акыйкат маселе коюп жатат. Биз уран кешш 50-60 жыл мурда да иштетип көргөнбүз. Майлы-Сууда, Шакафтарда, Миң-Кушта, Кажы-Сайда иштетилген. 1970-жылдардын башында мунун баары жабылган. Бирок, калдыктары калды. Мына, элүү жыл өтсө дагы бүгүн анын калдыктары менен күрөшүп жатабыз. Мен Жалал-Абадда иштеп жатканда өз көзүм менен көргөм, Майлы-Суудагы уран калдыктары көмүлгөн жер суу ташкындап, жер көчкү болуп, бетонго чейин ачылып калды. Эгер бетон ачылып, суу менен кетчү болсо, ондогон миллион калк жашаган Фергана өрөөнүндө катастрофа болот да. Кечээ күнү курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Рустамов мырза «Миң-Куштагы уран калдыктарын коопсуздандырууга 33 млн. доллар алдык» деди. Бир эле жерге 33 млн. кетип атат. Ушундан улам акыйкат суроо туулат: бизге кайрадан жаңы проблема керекпи?

Бул биринчиден. Экинчиден, жаңы кен Ысык-Көлдүн тегерегинде иштелип атат. Көлдөн 36 чакырым эле
аралыкта. «Көл биздин берметибиз, сыймыгыбыз, байлыгыбыз» дейбиз. Жүз миңдеген киши туризм менен оокат кылат. Жалпы миллиарддаган сом табышат. Анан ал жерде уран иштетилип жатканы боюнча маалымат тараса, кайсы турист келет? Келген күндө деле радиациялык фондду текшеришет да. Бул антиреклама болуп атпайбы. Ооба, «30 млн. доллар инвестиция келет» деп айтышууда. Бирок, быякта отуз миллиардан кол жууп атпайбызбы. Келечекке балта чабылат. Андан көрө ураңдан башкасын эле иштетип алалычы. Туризмди, айыл чарбасын өнүктүрөлү. Алтыныбыз, көмүрүбүз бар да. Зыяны жокторун деле иштесек болот эмеспи.

– Сиздин оюңузча, тоо-кен тармагы эмне үчүн жакшы натыйжа бербей келүүдө?

– Былтыр күзүндө геология боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилиги келгенде канча лицензия берилгенин сурасам, «үч миңдей» дешти. Бүгүн анын канчоосу иштеп жатат? Баягыда коопсуздук кеңешинде деле айтылбадыбы, бир киши 40 лицензия алып алышыр. Ал иштетпей сатат да. Үч миң лицензия бергендин кереги жок. Отуз лицензия берели. Бирок, ошонун 80 пайызы иштесин, киреше берсин. Азыр жөн эле көз боёмочулук болуп жатат. Ошондуктан, ар бир лицензияны инвентаризация кылып, инвестициялык милдеттенмелерин кантип аткарып жатышкандарын текшерүү керек. «Учурда кегди иштетүү убактылуу токтотулуп, мамлекеттик комиссия түзүлдү» деп атат. Комиссия мүчөлөрү деле өлкөбүздүн патриоттору, алар мамлекеттин кызыкчылыгында чечим чыгарарына ишенгим келет.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: