Menu

Данияр Эрматов, ырчы: “Убагында базарда иштегем”

Бөлүшүү:

Өзүнүн уккулуктуу үнү, жымыңдаган  көздөрү менен нечендеген күйөрмандарынын жүрөгүн ээлеген Данияр Эрматовду редакцияга чакырганбыз. Ырчы мырзанын достору катары менен үйлөнүп бүлө күтүшүүдө. Өзү айткандай журналисттердин эң тажаткан суроосу «качан той жейбиз» деген суроону узатып маекти баштадык…

—Данияр, досторуңдун баары чекесинен үйлөнүп жатат, күз келе жатат, той жейбизби?

—Кудайдын кулагы сүйүнсүн, досторум үйлөнүп, балалуу болуп калышты. Жыл сайын эле быйыл деген шылтоону айтып келе жатам. Апам менен сиздерге дагы бир жолу быйыл 100% аракет кылып үйлөнөм деп сөз берем. Үйлөнүш үчүн жетелешип көшөгөгө кире турган суйүктүү адамым жок. Сүйүүмдү арнап, түбөлүк бирге болом деген адамым болсо, мен эмнеге жашырмак элем. Той жакындап калды дебейм, жылдын аягына чейин болуп калаар.

—Асел менен Нурлан кыздуу болгондо сенин да наристелүү болгуң келдиби?

—Бул кубанычтуу кабарды Нурлан өзү чалып сүйүнчүлөдү. Чогуу олтуруп, досубуздун кубанычын бөлүштүк. Батабызды берип, аяш кызыбыз өмүрлүү болсун, биз барганда тыпылдап чай куйсун дедик. Чынын айтайын, досум менен аяшымды көрүп, өзүм дагы кыздуу болгум келди. Наристе көзгө кантип жаман көрунсүн.

-Күйөрмандарыңдын сени карыш бастырбай сүрөткө түшкөнү сага ырахат тартуулайбы?

—Канча күйөрманым сүрөткө түшкүсү келсе баарынын өтүнүчүн аткаргым келет. Алардын мени талашып телефон көтөрө чуркаганы чоң ырахат тартуулайт. Улуу-кичүүбү кимиси болоосун «мени менен сүрөткө түшүп алалы» деген сөзү чоң кубаныч. Бирок кээде шашылыш болуп, башка жактарга барып ырдоого туура келет. Кетип баратып «Данияр, мындай болбойт да. Эмне болду сага» деп өзүмдү тилдейм. Айрымдардай болуп качып кетпейм. Акырын гана мени курчап тургандарга «туура түшүнүңүздөр, тигил жакта да адамдар күтүп жатышат» деп айтып анан кетем.

—«Ээн эркин баса албай калдым» деген эле бир ырчы, сенде ошондой сезимдер барбы?

—Андай деп айткан сөздөрдү мен дагы кээде угуп калам. Эми ырчылар башында «эл мени тааныса, сүрөткө түшсө, сүйлөшсө» деген чоң кыялдар менен жашачубуз. Мен деле ошону каалачумун, азыр анын баары аткарылып жатат. Көчөдө жүргөндө, кафеге барганда же эл көп жүргөн жерлерге барганда мени карап олтуруп алышса, капаланбайм. Ырчы деген ээн-эркин баса албай калдым дебей, келген дөөлөттү да көтөрө билиши керек.

—Баса, үй-бүлөлүк шарт үчүн мал базарга же Ош базарга барасыңбы? Акыркы жолу качан бардың?

—Базардагылар бизди багып атса эмнеге барбашыбыз керек. Башкаларга мени салыштырбаңыз да. Убагында өзүм деле базарда иштегем. Эгерде Ош базарга же мал базарга б-рыш керек болуп калса тартынбайм. Базар ырыскылуу жер, уялбайм, тартынбайм. Керек болсо базарга бизден бай адамдар барат. Алардын жанында мен ким болуп калыптырмын.

—Социалдык тармактардагы жаман пикирлерге жооп бересиңби, айтыша кеткен учурлар болобу?

—Кээде жүктөлгөн сүрөттөрүмө 500дөн ашык комментарий келсе, анын төрт жүз токсону мага жакшы сөз айтышат. Берки он адам мага жаман сөз жазса, капаланбайм, таарынбайм. Ал алардын пикири. Жакшы сөзгө ыраазычылык билдирип коём.

—Маек бергенде кайсыл суроо берилбесе экен дейсиң?

—Турмушка чыга элек кыздардан «качан күйөөгө тийесиң» десең нерви кашайып кетет го. Мени дагы «качан үйлөнөсүң» деген суроо безиме тийип жүрөт. Ага болбой эле узата бересиздер. Быйыл үйлөнүп, баарына бир жооп кылат окшойм.

—Тойлорго чакырылыш үчүн тамадалар менен ырчылар аргасыз мамиле курат деген чынбы?

—Башка ырчылар үчүн жооп бере албайм. Мени көбүнчө тойдун ээси өздөрү чакырат. Тамадалар той ээлерине тиги же бул ырчы ырдап берсин дей албайт. Ал эми аргасыз мамиле курат деген калп. Эми алар менен мамилең беш болсо, тойго барсаң эртерээк ырдатып, кетирип жиберет. Жакшынакай кабагын ачып тосуп алат. Деги эле адам менен мамиленин ысыгы жакшы, кабак бүркөп урушуп олтурганча.

—Сахна жаштыкты сүйөт, сахнадан кеткенден кийин эмне иш кылайын дейсиң?

—Шоу-бизнесте канча жүрөөрүмдү бир Кудай билет. Бирок элүү жашта деле ырдап жүргөн Бек Борбиевге окшогон агаларыбыз бар эмеспи. Балким биз деле ырдайттырбыз. Каражат табуу булагым чыгармачылыкка байланган эмес. Ырчылыктан сырткары ишкерлик кылам. Кыскасы ырдабай калсам деле ачка болбойм.

—Айылдарга гастролдорго чыкканча эки тойдо ырдап акча тапкан жакшы дешет ырчылар, сен дагы ошентип ойлойсуңбу?

—Бир айылга барып концерт койсоң, 20 ырды 2 саат ырдайсың. Чыгармачылык сапарда ырдаган такыр башка. Концертиңе сени баалаган, сени сүйгөн күйөрмандарың келишет. Тойду акча жагынан эле жакшы дебесек, концерттен алынган ырахаттай болбойт.

Сезим Мураталиева
Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: