Menu

Видео – Европанын бир үзүмү Бишкектин борборунда

Бөлүшүү:

“Бир жыл мурда болгон, алгачкы Евроайылын ийгиликтүү жыйынтыктап алгандан кийин, бул ишчараны дагы да кайталоо керектигин түшүндүк”, – деп билдирди бүгүн, 8-майда Бишкекте маалымат жыйын өткөргөн Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр.
“Анткени Кыргызстандыктардын Европага болгон зор жана өсүп жаткан кызыгуусун көрүп жатабыз. Мындай иш-чаралар – Европа тууралу кызыктуу жана түшүнүктүү айтып берүүнүн эң жөнөкөй жолу”, – деди Эдуард Ауэр.
“Бишкекте 11-майда экинчи ирет Европа айылы – маданий иш чарасы болуп өтөт. Анын максаты жергиликтүү калкка Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн салт-саанасы , үрп-адаты, тарыхы жана маданиятын таанытуу болуп саналат. Анын жүрүшүндө ЕБ кирген 12 мүчө өлкөлөрдүн буюмдары, улуттук ашканасы, белектери жана басылма продукциялары, маалыматтык материалдары сунушталып, бардык каалоочулар – балдар үчүн оюн-зооктор, викториналар, интерактивдүү сессиялар уюштурулат. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасында ЕБ 10 долбоорунун көргөзмөсү, Венгрия тууралуу автордук фотосүрөттөрдүн экспозициясы жана шоу-программалар сунушталат. Евроайылдын аймагында жарманке уюштуруу менен бирге маданий ишчаралар өткөрүлөт, анын катарында ЕБ өлкөлөрүнүн артисттеринин ыр-бийлери, сынактары жана оюндары орун алат. Ачык асман алдында Пасадена жана тангонун ритмдери кулакка жагымдуу жаңырып турат. Ишчаранын алкагында TAPE THAT германиялык чыгармачыл тобу түстүү тасмаларды колдонуу менен түшүнүктүү сүрөттөрдү түзүү боюнча мастер-класс өткөрүшөт. Ошондой эле Европа айылында Пасадена кесипкөй бийчилеринин уникалдуу мастер-классына катышуу менен танго бийлөөнү өздөштөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Евроайылдагы кече Латвия, Эстония, Финляндия жана Кыргызстандын мыкты ырчыларынын арткаруусундагы концерт менен жыйынтыкталат. Европа айылына Австрия, Бельгия, Германия, Испания, Латвия, Словакия, Финляндия, Швеция, Эстония, Италия жана Венгриянын өкүлчүлүктөрү катышат. Бул ишчараны ЕБ Өкүлчүлүктөрү жана Бишкек мэриясы биргеликте уюштуруп жатышат. Европа Айылы «Ала -Тоо» кинотеатры менен Курманжан Датка энебиздин эстелигинин ортосундагы аллеяда орун алган. Ишчара саат 11.00дон кечки саат 20.00го чейин өтүшү пландаштырылган (өлкөлөрдүн павельендору 17.00го чейин иштейт, андан кийин 20.00го чейин концерт). Бардык каалоочулар үчүн эшик ачык жана акысыз. Европа айылы бардык Бишкек шаарынын тургундарын эстен кеткис сезимдерге батып кетүүгө чакырат. Достор, туугандар жана балдар менен келип, узакка созулуучу жаркын элестерге батып кетиңиздер! Евро айыл баарыңыздарды кайдыгер калтырбайт!” – деп жыйынтыктады Ауэр.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: