Menu

Гүлжамал: Ашыкча кызганычтын айынан күйөөмдөн ажырадым

Бөлүшүү:

Жубайлардын ортосундагы кызганыч акыры үй-бүлөгө залакасын тийгизээри баарыңыздарга эле маалым болсо керек. Биздин бүгүнкү каарманыбыз Гулжамал дагы чектен чыккан кызганычтын айынан жолдошу менен ажырашканын ыйламсырап төмөндөгудөй баяндап берди. Гулжамалдын тагдыры башкаларга сабак болушу үчүн бул баянга гезит бетинен орун берүүнү туура көрдүк.

– Бул турмушта сүйгөн жарың менен бактылуу жашаганга эмне жетсин… Учурунда мен дагы бактылуу айымдардын катарын толуктачу элем. Эмесе кеп башынан болсун. Күйөөм экөөбүз бири-бирибизди сүйүп жүрүп эле баш кошконбуз. Силерден эмнесин жашырайын. Чынында башында ынтымактуу эле жашачубуз. Балээнин баары күйөөм айлыкты көп төлөгөн шаардагы фирмалардын бирине ишке орношкондон кийин башталды. Балдарына жасаган мамилеси да өзгөрүп, аларды мурдагыдай эркелетпей калды. Анын мындай жоругуна чыдай албай бир күнү сөзгө тартып:

– Сага эмне болду? Бизге мурдагыдай көңүл бурбай калдың. Балким башка бирөөнү таап алгандырсың,-дедим тилимди тыя албай.

Бул сөз ага катуу тийсе керек. Буга чейин көңүлүмдү оорутуп жаман сөз айтпаган күйөөм ошол замат ызырынып тиштерин кычыратып:

– Эмне деп келжиреп жатасың?! Силерди багайын деп жанталашып иштеп жүрсөм… А сен үйдө отуруп алып кайдагы бирөөгө жабыштырасың!-деп нааразы болуп колун шилтеп сыртка чыгып кетти.

Үйдөгү ушул жагымсыз окуядан кийин ал мага таптакыр сүйлөгүсү келбей калды.

Ошондо өзүмчө кыжалат болуп тынчын алып, иш учурунда ага тынымсыз телефон чалганды көнүмүш адатка айландыра баштадым. Бир күнү кечинде иштен чарчап келгенден кийин өзү менен чогуу иштегендердин алдында ыңгайсыз абалда калып жатканын, ишинен алагды болгондуктан жетекчилерине жек көрүнө баштаганын айтып, мындан кийин ишине тоскоол болбошумду эскертти. А мен тыйылып калмак түгүл ого бетер ага эрегишип эртеси күнү иштеген жерине барып, өзүмдү карманалбай кызганычтын айынан бир топ жаман сөздөрдү айттым. Муну менен эле токтоп калбастан, ал жердеги татынакай келинге көпчүлүктүн көзүнчө күйөөмдү жабыштырдым. Менин мындай албууттугума таң калышкан күйөөмдүн кесиптештери баштарын чайкап тим болушту. Ал эми жанагы келин болсо мага көп теңелбегендиктен унчукпай өз жайыма койду. Ошондо күйөөмдүн жетекчиси мени алдап-соолап кетирип жиберди. “Өзүң кылган иш, өз башыңа муш” демекчи, ошол күнкү жоругумдун азабын тарта баштадым. Күйөөм көпчүлүктүн алдында шагы сынып калгандыктан мени ого бетер жек көрүп калды. Сүйлөсөм эле кагып-силкип ашата сөкчү болду. Анысы аз келгенсип эркектик милдетин да таптакыр аткарбай калды. Буга аябай ызаланып жүрдүм. Бир күнү жумушунан аябай мас болуп келди. Мурда мындай жаман адаты жок болгондуктан тилимди тартып башын ооруткан деле жокмун. Айласыздан “артист” болуп калп да болсо эркелетип эптеп чечиндирип төшөккө жаткырып койдум. Өзүм үйдөгү иштер менен алек болуп түнкү саат 12де жаттым. Балдарыбыз болсо башка бөлмөдө жатышчу эле. Күйөөмдүн коңуругу тынч уктатпагандыктан акырын түрткүлөсөм бир аз тынчып калды. Өзү менен бирге иштеген кимдир бирөө тууралуу түш көрүп жатса керек… Кыжырымды келтирип минтип жөөлүп сүйлөй баштады: “Жаным… Диля, мен сени менен гана бактылуу болом. Гүлжамал менен балдар үчүн жашап жүрөм. Аны менен акыры ажырашам…” Ушул сөзү жанымды кейитип калганын уккум келбегендиктен карманалбай кетип жаактан ары бир чаптым. Күйөөм ошол замат ойгонгону менен эмне болуп кеткенин түшүнө албагандыктан өзүнө келе албай кайра уктап калды. Эртеси соолукканда түндөгү сөздөрүн айтсам эч мойнуна албай койду. Ал күнү ишине кеткен боюнча үйгө кайрылып келбеди. Телефонун өчүрүп салгандыктан эч байланыша албай койдум. Буга чейин эле күйөөм түшүндүрүп айтып койсо керек. Иштеген жерине издеп барсам сырттан күзөтчүлөр киргизбей коюшту. Ошол бойдон күйөөм үйгө кайтып келген жок. Бирөөлөрдөн укканыма караганда иштин жайы мындайча болгон экен. Ишине тоскоол болуп, кайдагы бирөөгө жабыштырып, аны ак жерден күйгүзгөнүм үчүн күйөөм мага өчөшүп бир келин менен жашап алыптыр. “Чектен чыккан кызганыч акыры ажырашууга алып барат” -деген сөздү учурунда көп укканым менен анча маани берчү эмесмин. Аттиң… Эми баары кеч… Менин бул аянычтуу тагдырым башкаларга сөзсүз сабак болот го деп ойлойм…

Жазып алган: Нурпери Исабекова

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: