Menu

Кубанычбек Кадыров, коомдук ишмер: “Атамбаевге түрмөдөн орун бошотуп койдук. Тезинен алып баргыла!”

Бөлүшүү:

Мурунку бийликтин тушунда камалып, жакында абактан чыккан коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Кадыровдун коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрдүн Экинчи Элдик курултайында сүйлөгөн сөзү.

– Саламатсыздарбы урматтуу Курултайдын делегаттары, урматтуу чакырылган коноктор!

Кыргыз Республикасынын Конституциянын 52-беренесинде жазылган Элдик курултайга тийешелүү жоболор иш жүзүнө аша баштаганы мени кубандырат, баарыңыздарга белгилүү болгондой, 2019-жылдын 20-февралында мамлекет башчыбыз Сооронбай Шариповичтин демилгеси менен атайы жумушчу топ түзүлүп, анын жетекчилигине Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Курманбек Дыйканбаев бекиген.

Жумушчу топтун курамына Президенттин жана Өкмөттүн Аппаратынын, юстиция министрлигинин өкүлдөрү, парламенттин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер киришкендери маалым.

Ушул учурдан пайдаланып, жумушчу топтун иштерине ийгиликтерди каалап кетет элем.

Курултайдын эң башкы маселеси болуп – Кыргыз мамлекетинин өнүгүү багыты, идеологияльж принциби жана мамлекеттик түзүлүшү болушу керек деп эсептейм.

Өкүнүчтүүсү, мурдагы президенттер курултай маселесин өзүлөрүнө керек болгондо көтөрүп, өткөрө коюшчу, өзүлөрүнө кереги жок болгондо көңүл бурбай келишкен. Курултайда мамлекеттик маанилүү маселелер каралышы керек жана саясий куралга айланбашы керек.

2018-жылдын 27-ноябрында Курултайын катышуучулары мурдагы президент Атамбаевдин:

– “Бийликти узурпациялап, бир колго топтогондугу боюнча” кылмыш ишин ачтыруу;

– “Экс-мамлекеттик башчыны кол тийбестик укуктан ажыратуу” деп бирден бир талап коюшкан болчу, мен бул талаптарды толугу менен колдойм жана токтоосуз аткарылышы керек деп эсептейм. Себеби, ал президент болуп турган мезгилинде бийликти узурпациялап, өзү сот, өзү УКМК, өзү баш прокурор болуп алганы – бул факт. Буга далил катары, оз оюн ачык билдирген саясий опоненттерине, өзүнүн жана анын командасындагы коррупциялык иштерин ачык айтышкан, 30га жакын саясатчыларга жасалма мыйсамсыз саясий кылмыш иштерин козготуп, башы 12, аягы 20 жылга кестирип жиберген. Эми болсо эч уялбай эле, “мен эч кимди каматканга буйрук берген эмесмин” деп актанып, өзүнүн кечээки эле чогуу иштешкен командасындагы адамдарды сатып, “Апрель” каналы аркылуу ар башканы сайрап жатат, бул эч кандай адамкерчилике дагы, жигитчиликке дагы жатпайт, уят. Ал эми экс-президенттердин кол тийбестигин алуу маселеси КР ЖК каралып, президенттин кароосуна жөнөтүлгөнү маалым, бул маселе буюрса оң жагына чечилет деп ишенем.

Бакиевтин учурунда оппозицияда Атамбаевди жакындан, жакшы билген адам катары айтсам (ошол эле СДПК партиясынан КР ЖК IV чакырышында депутаты дагы болгом), эсимде 2009-жылы президенттике койгондо, Көл элинин алдына чыгып:

– Кумтөр коррупциянын анабашы, Акаев-Бакиевтер андан 100 миллиондогон долларларды уурдап кетишкен, мен коррупцияны жок кылам,- деген убадасына турган жок, бирок “Кумтөр элге өтсүн!” деген саруулуктарды спецназ менен ур-токмокко алдыртып, мыйзамсыз соттотуп жиберген.

Мындан тышкары ал: криминал менен күрөш жүргүзө тургандыгын, КТРди “Элдик каналга” айлантаарын, ГКНБ жалаң гана контрразведка, чек араны бекемдөө функциясын аткарарын, Каркыраны Назарбаевге тизелеп барса да Кыргызстанга кайтарып аларын, коррупционерлерден коомду тазалоону убада кылган. Атамбаев коррупцияны жоймок турсун, өзү атаманы болуп алды!

Урматтуу агайын туугандар!

Атамбаев элдин башын айлантып, өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн, “калк айтса, калп айтпайт” дегендей, Максим Бакиевтен Сапар Исаков аркылуу шайлоодон өз талапкерлигин алуу үчүн 3 миллион доллар алганы айтылып жүрөт, муну, логикага таянсак, Атамбаев камакта жаткан коррупция беренеси менен шектелгендердин арасынан Сапар Исаковго өзгөчө жан тартканы далилдеп тургансыйт. Кайсы жерге барбасын аны “оң колум” деп айтып жүргөнү дагы ошондонбу?

Президент болгондон кийин, өзү айткандай, “Ажыдаарга айланды”, элге берген бир дагы убадасын аткарган жок. Негизи тарых үчүн айтып коюшум керек, 2010-жылдагы революциянын башаты

2009- жылы Балыкчыдан башталган, так ушу Атамбаев үчүн канча деген бейкүнөө адамдар ур-токмоко алынып, камалышып, кийин соттолуп дагы кетишти. Балыкчы окуясынын каармандарынын жана 2010- жылдагы баатырларча курман болушкан эр азаматтардын эмгектери карапайым эл каалагандай бааланбай калды. Бул абдан өкүнүчтүү.

Атамбаев коррупция менен күрөшө албагандыгына ошол 2010-жылы революциядан кийин эле түшүнгөм, себеби ИИМ минстринин орун басары кызматында иштеп, коррупционерлер менен ачык күрөшүп, Максим Бакиевге тийиштүү Агропродкорпорация башчылары 500 миң доллар пара сунуштуганда албай, мамлекетке накталай 180 миллион сом төктүрткөм (ошондогу курс менен 4,5 миллион доллар). Ушундан кийин Атамбаевдин балээсине калдым, көрсө ал өзү ушул коррупционерлердин ана башында турган экен, кийин мени корруцпия менен күрөшкөнүм үчүн кызматтан алып салды. Ал өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, мамлекетти өзүнүн менчигиндей, арманы жок башкарды. “Мамлекетти уюшкан кылмыштуу мафия башкарган да мезгил болду”- деп мамлекет башчыбыз Сооронбай Шарипович туптуура белгилеп кетти. Мындайча айтканда, Кыргызстанда Конституция, мыйзам иштебей, кылмыштуу сөз менен айтканда “по понятиям” жашап калбадык беле. Мындан тышкары ал мамлекеттик бийликтин кадырын кетирип, билими жок өзүнүн шоопуруна, жансакчыларына мамлекетти башкартып, мыйзамсыз генерал чинин берип, анысы аз келгенсип “Манас” ордендерин берди. Анын коррупциянын аны башында турганы, уюшкан кылмыштуу мафия менен мамлекетги башкарганы бүгүнкү күндө далилденип жатат го, майда-чүйдөсүн айтпаганда, мына ошол эле Сапар Исаков, Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов, шоопуру Икрамжан Илмияновго карата козголгон кылмышы иштери, Бишкек ТЭЦи, Тарых музейи, Түндүк-Түштүк жолу, Чолпон-Атанын ипподрому, Кытайдан келген 70 млн. доллар инвестиция боюнча миллиондогон уурулуктар. Кен байлыктарды миллиондогон долларларга сатып жиберген вице-премьер министр Зилалиевдин кылмыш ишин каякка жашырабыз? Булар менен бирге эми Фарид Ниязов, А.Сегизбаев, И.Жолдубаева, Б.Суюмбаев, Манас Арабаев, Улан Исраиловдорду дагы мыйзамсыз иштери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тарта турган мезгил жетти, талап кылышыбыз керек. Себеби: мен жогоруда аттарын атагандар 2010-ж. революцияга чейин ижарага квартирада жашашкан. Бүгүнкү күндө 100 миң долларлаган машиналрды минишип, миллиондогон долларларга бааланган хан-сарайда жашап калган. Революцияда баатырларча курман болгон 87 балабыз жогоруда аты аталган жегич ичкичтер мамлекеттин байлыгын тоносун деп жанын беришти беле? АШАнын өзүнүн балдарынын энергетика багытындагы коррупциялык иштерин унутуп калгандай, буга дагы тийиштүү укук коргоо органдары териштирип, баа бериши зарыл. Эми ушуга окшогон коррупциялык кылмыш иштеринин бети ачылып калбасын деп, элдин башын айландырып, түндүк-түштүккө бөлүп, “үй-бүлөлүк клан орноду”- деп бузуку саясатын жүргүзүүдө, биз буга жол бербешибиз керек. Биз Атамбаевге түрмөдөн орун бошотуп койдук. Атамбаевтин орду түрмөдөбү? Колдойсуздарбы?

Урматтуу мекендештер, коррупция менен таза саясатчы гана күрөшөт, мамлекет башчыбыз Сооронбай ІІІариповичтин жетекчилиги алдында, коррупция менен аесуз күрөш жүрүп жатканы элдин колдоосуна алынууда, жогоруда айтып кеткендей, ээлеген кызматтарына карабастан камакка алынып, коррупциялык жрлу менен уурдалган акчалары – миллиарддаган сомдор кайрадан мамлекетке кайтарылып жатат. Ушул жерден баса белгилегим келет, азыркы коррупция менен камалып жаткандарды Атамбаев элдин башын айландырып, “саясий куугунтук менен камалды” дегендей айтып жатат. Бирок элибиз билет баардыгы коррупциялык иштер менен камалганын.

Урматтуу курултайдын катышуучулары!

Атамбаев ички саясатты былгытып, интрига кылганы аз келгенсип, сырткы саясатты да ашмалтайын чыгарып кеткени баарыбызга белгилүү. Бүгүнкү күндө президентибиз алгылыктуу иштердин негизинде, сырткы саясатта дагы жакшы ийгиликтер болуп жатканын тана албайбыз, кыргызда жакшы сөз бар, “Алыскы туугандан – жакынкы кошуна жакын” дегендей, өзгөчө – коңшу мамлекеттер менен жакшы алакалар түзүлүүдө. Мындан тышкары Түркия, Кытай, РФ, Германия мамлекеттери менен миллардаган инвестициялык келешимдери түзүлүүдө, эң негизгиси, мамлекетибизде тынччылык болсо, буюрса көптөгөн жакшы ийгиликтерге жетебиз деген үмүттөмүн.

Менин сунушум, Атамбаевди:

– Конституцияны мыйзамдарды одоно бузуу менен өзүнө берилген милдетинен ашыкча пайдаланып АКСти мыйзамсыз түзгөндүгү;

– Өзү баш болуп, Сегизбаев, Жолдубаева. Суюмбаев, Арабаев, Ниязов, Исраиловдорго түздөн-түз буйрук берип, өзүнүн саясий оппонтерине мыйзамсыз кылмыш иштерин козготуп, сот процесстерин мыйзамсыз жабык өткөзгөндүгү;

– 4 миллиард долларлык запасы бар “Жерүй” кенин жеке өзүнүн кийлигишүүсү менен болгону 100 миллион долларга саткандыгы үчүн, бул жерде “Кумтөрдүкүнөн” дагы жаман қелишим болгон.

– баардык бийлик бутактарын өзү башкарып узурпация кылгандыгы үчүн тез аранын ичинде кылмыш жообуна тартылып, камалышын талап кылам.

Мындан тышкары, Атамбаевдин убагында саясий куугунтуктун негизинде мыйзамсыз кылмыш иши козголуп камалган саясатчылар бардыгы акталышы керек.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: