Menu

Батукаевдин иши боюнча дагы үч дарыгер камалды

Бөлүшүү:

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы жана азыркы үч кызматкери кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу камалды. Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.

«Булар азыр ИИМдин убактылуу кармоочу жайында. Борбордун өкүлдөрү үчөө менен тең сүйлөшүп чыгышты. Алар ЖАМКтын азыркы жана мурда иштеген дарыгерлери. Бүгүн алардын бөгөт чарасы каралышы керек», — деди ал.

ИИМ бул боюнча маалымат берген жок.

Буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында «ага ак кан илдетинен жабыркайт деген аныктама (справка) берди» деген айып менен онколог Эмил Макимбетов камакка алынып, иши ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн.

Быйыл 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын билдирген.

Кийин, 30-апрелде Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева «Азаттыктын» «Эки бир» программасында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттордун чечими кайра каралаарын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: