Menu

Сагинбаева жоопкерчиликтен качып кетеби?

Бөлүшүү:

«Кар жааса из басылат» деген негизде мыйзамдагы «ууру» Азиз Батукаевди түрмөдөн бошотушкан кезинде. Бул жолу андай болгон жок, из басылбады. Азыр ошол Батукаевдин абактан бошотуу операциясында кимдин тиешеси болгон, бүт баштан аяк казылып жатат. Далай аткаминерлердин түн уйкусу бузулуп, эми кандай болуп кетээр экен деп буйдалышууда. Жакында Батукаевге диагноз койгон врач-онколог Макимбетовду камакка алышты. Анын жакындары ызы-чуу түшүп, учурда анын күнөөсү жоктугун айтып тыбырчылап атышат. Мындан тышкары Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы жана азыркы үч кызматкери кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу камалды. Ошентип азырынча кайырмакка «чабактар» гана илинип жатат, а бирок укурук «киттерге» жете элек. Аныгында ошол диагнозду кимдин буйругунун негизинде койгондугун Макимбетов өзү шардана кылса керек, сааты чыкса. Ошол кезде Саламаттыкты сактоонун министри болуп Динара Сагинбаева креслодо отурган жана бул иштин «ийгиликтүү» жыйынтыкталышына дал ошол Динара Зарлыкованын аракети күч болгон деп маалымат булактары байма-бай жазышты. Ал тургай кандайча буйрук болгондугу тууралуу Батукаевден анализ алган жөнөкөй медайым Эралиева М.О көрсөтмө берген. Булардын баары өзүнүн башчысынын буйругун аткаргандыгы бештен белгилүү эмеспи.

Бүгүнкү күнгө чейин Динара Сагинбаева Улуттук госпиталды жетектеп келген. Иш жеринде «реорганизацияны» катуу баштаган Динара Зарлыковна акыркы маалыматтарга караганда эмнегедир «больничный» алып, эмгек өргүүсүнө чыгуу менен өз эрки менен андан ары жумуштан биротоло кетүүгө арыз жазыптыр. Бул деген жоопкерчиликтен качуунун бир амалы эмеспи? Кыңыр иш тыкыр көзөмөлгө алынган мезгилде кылтакка илинип калбайын, эми өз оокатымды кызматсыз акырын өткөрө берейин дегениби? Анын дагы ошол кездеги Саламаттыкты сактоонун министри катары жоопкерчилиги каралышы керек.

Бирок учурда кызматтан кеткени менен баягы адатынча кол астындагы дарыгерлерди Көздүн микрохирургия бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаевага каршы тукурганын кое элек. Реорганизация иштери аркылуу ийгиликтүү иштеп жаткан бөлүмдү жойгусу келгендиги дагы мыйзамга туура келбейт. Азыркы күндө кол астындагы врачтарга министрликтен реорганизацияга кандай болсо дагы кол койдурасыңар деп буйрук бергенин уккандар бар. Ал тургай Иманбаевага каршы митинг уюштуруу планы бар экен. Канчалаган ийгиликсиз операцияларга жол берип, алешем иштерди жаап-жашырып, ал тургай өзү ортоктош болуп келген врачтарды калкалагандыгын ММКлар байма-бай жазып чарчашты.

Эсиңиздерде болсо, оор кылмыштар үчүн соттолгон Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссиянын ишине каршы альтернативдик комиссия («өлөт» деген диагнозун тактаган) түзгөн дагы дал ушул Сагинбаева болгон.

Коомчулукта күнөөлүүлөрдүн арасында ошол кездеги түрмөнүн жетекчиси катары Зарылбек Рысалиев, башкы прокурор катары Аида Салянова жана кармалган врач Эмил Макимбетовдун аттары гана аталып жатат. Эмне үчүн ошол кездеги Саламаттыкты сактоонун министри катары Динара Сагинбаеванын күнөөсү жок болушу керек, күнөөсү бар, болгондо да олчойгон!

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: