Menu

COVID-19 боюнча Республикалык штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү

Бөлүшүү:

Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Кеңештин жүрүшүндө өлкөнүн бир катар облустарындагы эпидемиологиялык абалды жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды.

Ошондой эле кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматы угулду. Ведомство жетекчиси тарабынан комитеттин дарегине жарандардан мечиттердин ишин жандандыруу өтүнүчү менен көптөгөн кайрылуулар келип түшкөндүгү белгиленди. Ошондой эле белгиленгендей, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы диний мекемелердеги тийиштүү санитардык коопсуздук нормалардын тыкыр сакталышын камсыздоо боюнча милдеттенмени өзүнө алууга даяр.

Талкуу жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Батырбеков Саламаттык сактоо министрлигине Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Мусулмандар дин башкармалыгы менен биргеликте кыска мөөнөттө тийиштүү санитардык коопсуздук алгоритмин иштеп чыгууну, андан соң иштелип чыккан алгоритмге ылайык санитардык-гигиеналык нормалардын так сакталышын эске алуу менен диний мекемелердин ишин жандандыруга уруксаат берүү жөнүндө маселени иштеп чыгууну тапшырды.

Алмазбек Баатырбеков штаб тарабынан мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына берилген тапшырмалардын сапаттуу ишке ашырылышынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: