Menu

Айпери Адамкулова, алып баруучу: “Турмушка чыгып, сонун күндөр өтүп жатат”

Бөлүшүү:

Айпери, турмуш жолуна аттанып, бир коломтонун ээси болушуң менен куттуктайбыз. Жолдошуң туурасында айта кетсең?

– Куттуктооңуздар үчүн сиздерге рахмат. Чүй жергесине келин болдум. Жаңы жашоо башталып, келиндик кызматты кылып, туугандар отко киргизип, жумушума шашып барып, шашып келип эле сонун күндөр өтүп жатат. Азыр үйдө атам, апамдар менен чогуу жашайбыз. Мага жүгүнгөн өзгөчө жакты. Атама, апама жүгүнсөм бата берип, чекемден өөп коюшат. Бул көз ирмемдер абдан жагымдуу жана кубанычтуу. Бизде тигиндей бол, мындай бол деген чектөөлөр деле жок. Үйдөгүлөр мени кызындай эле кабыл алышты. Ал эми жолдошум болсо менден бир жаш улуу. Мамлекеттик жумушта иштейт.

– Жеке жашоону элге айтпаш керек, “бакыт тынчтыкты сүйөт” деп коет эмеспи…

– Негизи турмушка чыккандан кийин үй-бүлөлүк сүрөттөрдү соцтармактарга жүктөбөйм, интервью бербейм – деп айтчумун. Жеке жашоомду жумушума аралаштырып албайын деп ойлоном. Бирок бул кубанычтуу учурду, бактылуу көз ирмемдерди жашыра албайт экенсиң. Жолдошум экөөбүз түшкөн кээ бир сүрөттөрдү социалдык тармактагы баракчаларыма жүктөп койдум. Бул кечиримдүү го дейм.

– Күйөөнүн жакшысы аялдын бактысыбы?

– Бул сөзгө толугу менен кошулам. Жолдошуң аяп турса, жыгылсаң таяп турса, жакшы сөзүн арнап сүйүп турса, кабак чытпай күлүп турса аял затынын бактысы тоодой болсо керек. Бирок турмушка чыккандан кийин жолдошуңдун карааны эле чоң бакыт экенин сездим.

– Карьерам аксап калат деген чочулоо сезимдери болгон жокпу?

– Карьерам аксап калат деп чочулаган жокмун. Анткени жолдошум, кайын журтум менин жумушумду туура түшүнүшөт, колдошот. Буйруса баары жакшы болот деген ойдомун.

Жаркынай Кадыркулова
Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: