Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын жанында башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга каршы митинг өтүп жатат. Митингге чогулгандардын жалпы саны 10 адам.
Алар колдоруна бир нече жазуусу бар плакаттарды көтөрүп алышкан: “Референдумдун кереги жок, чимкириктерди алмаштыруу керек”, “Түн жамынган кылмышкерлер”, “Акылбек акыл дуусынба, сенин ордуң түрмөдө”.
Ошондой эле, алар Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышы “легитимсиз” деп эсептешет.
Белгилей кетсек, буга чейин депутаттар “Референдум жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышкан. Добуш берүү учурунда 63 депутат катталган. Төрт эл өкүлү – Өмүрбек Текебаев, Наталья Никитенко, Евгения Строкова жана Дастан Бекешев каршы добуш беришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ