Menu

Орусияда Хизб-ут-Тахрир уюмунун лидери 16 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Шейшембиде Москванын аскерий соту Петербургдагы көчмө жыйында Хизб-ут-Тахрирдин ишмердүүлүгүн уюштургандыгы үчүн Дмитрий Михайловду катаал режимдеги абакка 16 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Ленинград аймактык аскерий сотунан билдиришти.

Иштин материалдарына ылайык, 2014-жылдын май-июнь айларында Хизб-ут-Тахрир аль Ислами (Ислам кайра жаралуу партиясы) уюмунун ишмердүүлүгү боюнча 30дан ашык киши кармалган. Арасында уюмдун лидерлери жана катардагы мүчөлөрү да бар. Алардын айрымдарынын иши тергөөдө болсо, башкалары соттолушкан.

ФСБнын маалыматына ылайык, уюмдагы лидерликти карате боюнча дагестандык балдар машыктыруучусу Иса Рагимов менен ислам динин кабыл алган псковдук Дмитрий Михайлов өз колдоруна алышкан. Алар 2015-жылдын апрелинде кармалып, иштери өзүнчө өндүрүшкө өткөрүлгөн.

Айыптоонун маалыматы боюнча мурда соттолгон алты адам жана Рагимов менен Михайлов уюмдун жыйындарын өткөрүп, катарына жаңы тарапташтарды тартуу менен алектенип келишкен.

Буга чейин Москва аймактык аскерий соту Петербургдагы көчмө жыйынында Рагимовду катаал режимдеги абакка 12 жылга кескен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: