Menu

Айыл чарба министрлиги керекпи?..

Бөлүшүү:

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин Нурбек Мурашев жетектеп келет. Учурда коомчулукта жана айрым саясатчылар арасында айыл чарба министрлигин жоюш керек деген пикирлер айтылууда. Буга байланыштууу Айыл чарба министрлиги керекпи деген суроо менен айрым эксперттерге кайрылып көрдүк.

Максат Жапаров, эксперт:

– Мен өзүм агроном болгондуктан, айыл чарба тармагында эмгектенем. Өлкөбүздүн элинин тең жарымынан көбү жер иштетүү жана мал чарбачылыгы менен жанын багат. Мамлекеттин бюджетинин дагы бир бөлүгүн айыл чарба тармагы толуктайт болушу керек. Айыл чарба министрлигин жоёбуз деп кээ бир саясат айдыңындагы үлкөндөр саясат үчүн айтып жатса, айрымдары түшүнбөй эле жоюлсун деп колдоп кетип жатышат. Азыркы биздин Айыл чарба министрлигибиздин шарты аябай начар. Мен чет өлкөдө окуп билим алып келгенмин. Өнүккөн өлкөлөрдүн айыл чарбасынын шарттары абдан жакшы. Ошондуктан биз да айыл чарбасына мүмкүнчүлүктү түзүп берип, агрардык тармакты көтөрүш керек. Быйыл картошканы сыртка сатуу маселесинен ушул пикирлер айтылууда деп ойлойм. Эми бир айыл чарбасын күнөөлөйбүз, Экономика министрлиги эмнени карап турат? Анализ жүргүзүп, сатуу-сатып алуу саясатын алар колго алса болмок. Эгерде картошкага суу жетпей же урук жок болуп түшүм начар болсо айыл чарбасын күнөөлөсө жарашмак.

Ленара Ныязбекова, эксперт:

– Кыргызстан агрардык өлкө. Айыл чарба министрлиги экономикабыздын бир жагын чоюп, толуктап келе жаткан тармак. Министрликти жоюу бул акылга сыйбаган нерсе деп түшүнөм. Учурда министрлик реформаны толук талап кылып жатат. Ал кандай реформа? Биринчиден, чачылган министрликти бир жерге топтош керек, экинчиден, кадр саясаты. Ачыгын айтканда, жаңы кадрдык тармактар пайда болду. Министрликти ошолор менен толукташ керек. Айыл чарба министрлигинде өткөөл мезгилде көптөгөн ыйгарым укуктары кыскартылып кеткен. Жадагалса имараты да өзүнүкү эмес, квартирант сыяктуу эски мекемеде олтурат. Министрликтин агрардык саясат жүргүзүүдө толук мүмкүнчүлүгү жок. Мисалга алсак кредит маселеси, Айыл чарбасын каржылоо “Айыл банкка” жүктөлгөн. Банктарга чуркатпастан, министрликтин өзүнүн банктык системасы болушу шарт. Бул министрликти толук реформалабай туруп тиги же бу деп айтуудан алыс болушубуз керек деп ойлойм. Анын жүргүзүп жаткан агрардык саясатын Жогорку Кеңеш жана президент тактап берип, модернизациялоо керек.

Султан Сарыгулов, эксперт:

– Учурда Кыргызстан экономикасынын негизи булагынын бири айыл чарбасы болуп эсептелет. Коомчулук ушул суроону түшүнбөй жатат. Агрардык тармакты түшүнгөн адамга Айыл-чарба министрлигин жоюп салса биринчиден элибиз, экинчиден экономикабыздын бир тармагы аксайт. Айыл чарба министрлигин жоюу – мамлекетти жоюу дегенге барабар. Тескерисинче бул министрликтин статусун көтөрүп, күчтөндүрүп көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү бериш керек. Мүмкүнчүлүк бербей колу-бутун байлап, министрликти же министр Нурбек Мурашевди иштебей жатат деп айткан туура эмес. Мүмкүнчүлүк берилип шарттар түзүлбөсө эч кандай өзгөрүү болбойт. Айыл чарбасында иштеген адистерди кыскартып, тескерисинче алсыздандырууда. Айыл чарба министрлигинин кызматында иштеген адистердин айлык акылары аз болгондуктан жаш, жаңы идеялуу адистер ал жерге барбайт. Ошондуктан айлык маянаны көтөрүп, жаш, тажрыйбалуу адистерди тартуу керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: