Гонконгдо билим алып жаткан казакстандык 142 студенттин кайда экени дайынсыз. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы билдирди.
Алардын айтымында, Гонконгдо билим алып жүргөн, бирок консулдук каттоого турбаган 142 студенттин кайда экени, дайын-дареги белгисиз.
Эске сала кетсек, Гонконг полициясы 16-ноябрда «Баптист» университетинин имаратына кирип барып, андагы студенттерди кармашкан. Алардын арасында казакстандык А.Нукпи болгон. Студенттин иши боюнча алгачкы соттук угуу 20-ноябрда башталган.
Бир нече айлардан бери Гонконгдо нааразычылык акциялары токтобой, байма-бай болуп келет. Эл экстрадиция жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилгенине нааразы болуп, шаарда тополоң уюуштуруп жатышат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ