“Азыр депутат Чолпон Жакупова билдиргендей бүгүн Бакыт Төрөбаев өзүнүн “Өнүгүү” фракциясы менен Алтынбек Сулайманов “Бир бол” фракциясы менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамды колдошпой коюшуптур. Буга чейин “Ата-Мекен” фракциясы колдобой келген. Демек бул мыйзамды эми 3 фракция колдобой калды”, – деп билдирди шайлоо системалары боюнча эксперт Айнура Усупбекова 27-сентябрда Бишкекте, “Достук” мейманканасында өткөн Жарандык көзөмөл комитетинин “Конституцияга өзгөртүүлөр: жол берилбестик же зарылчылык” аттуу форумда.
“Ушуга байланыштуу мен “Ата-Мекен” жана “Өнүгүү” фракцияларын Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициядан чыгып кетүүнү сунуш кылат элем. Эгер коалиция бузулса аны кайра түзүү үчүн убакыт керек болот жана конституцияны өзгөртүү жана референдум боюнча мыйзамдар өз убагында өтпөй калып, референдум да болбой калат. Бийлик конституцияны өзгөрткөнгө үлгүрбөй калмак. Сиздерди “Бир бол” фракциясы колдосо анда чоң күчкө айланасыңар”, – деди эксперт Айнура Усупбекова.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ