Menu

“Коопсуз шаар-2”: Кыргызстандын элин сызга отургузабы?

Бөлүшүү:

Майрам шаңы күч алган 8-май күнү Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабына сынак жарыяланганын кабарлады. Бул долбоор бүт өлкөнү камтыйт дешти. Чынын айтканда, мындай масштаб опуртал жаратып турат.

Таанымал укук коргоочу Рита Карасартова сыяктуу айрым коомдук ишмерлер жаңы сынак жарыялабай турууну, адегенде ишке киргизилген система кандай иштеп жатканын изилдеп көрүүнү сунушташкан. Бирок муну уккан эч ким болгон жок. Ошентип, бүткүл өлкө боюнча камераларды орнотууга инвестор дээрлик 5, 8 миллиард сом каражат жумшай турган болууда!

Эми инвестор мындай акчаны кайра кайтарып алышы үчүн канча айып пул салууга тийиш экенин эсептеп көрөлү. Бул татаал деле эмес. Бирок алына турган суммадан төбө чачың тик турат. Биринчиден, 5, 8 миллиард сомду 5ке (учурда «Коопсуз шаар-1 де» айып пул иретинде салынган ар бир миң сомдон 200 сом гана алууда) көбөйтүү керек. Бирок бул да жетишсиз. «Коопсуз шаар -1» боюнча салынуучу айып пулдарды чогултуу болжол менен 40%ды түзөөрү эмитен эле көрүндү. Мындайча айтканда, алынган сумманы жок эле дегенде 2ге көбөйтүү керек.

Башкача айтканда, инвестор (баса, кеп чет элдик инвестор туурасында, анткени мындай инвестициялар КРда жок) өзүнүн салган акчасын кайтарып алышы үчүн жок эле дегенде 50-60 миллиард сомго айып пул салууга тийиш! Бул коомдук туруктуулукка доо кетирип, социалдык чыр-чатак жаратышы мүмкүн. Бирок мындай тобокелдик Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетти чочутпайт. Дегеле кыргызстандыктар бул 700-800 миллион долларды кайдан табарына анын башы деле оорубайт окшобойбу.

Арийне, дүйнөдө Кыргызстанга караганда алда канча жогору айып пул салган өлкөлөр бар дечи. Мисалы, Сауд Аравия Королевствосунда жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн айдоочу шак эле бир нече миң доллар айыпка жыгылышы толук мүмкүн. Бирок ал жакта адамдар акчаны да алда канча көп табышат, андыктан муну Кыргызстан менен таптакыр салыштырып болбойт! Айтор, каратып туруп, уюлдук телефондун ар бир кошулуусу үчүн акча алган сыяктуу эле эксперимент жасап жатышат. Ошондо да ар бир кыргызстандыктын чөнтөгүнө кол салууга аракеттенишкен эле. Натыйжасы канчалык күтүүсүз жана жагымсыз болгонун жакшы билебиз.

Азамат Кангелдиев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: