Menu

Жунусовдун ишин иликтөө убактылуу токтотулду

Бөлүшүү:

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовдун иши боюнча соттук отурум болуп өтүп, ишти иликтөө мөөнөтү убактылуу токтотулуп, материалдар экспертизага жиберилди. Мындай чечим сотко өтүнүч кат келип түшкөндүктөн кабыл алынганы белгилүү болду. Буга чейин Жунусов боюнча иликтөө иштери аягына чыкканын кабарлаган эле. Биринчи соттук уктуруу айыпталуучунун ден соолугунун начарлашына байланыштуу 24-апрелге жылдырылган. Андан кийин соттолуучунун келбегендигинен процесс 15-майга жылган. Жунусовго туруктуу коррупциялык схемаларды түзгөн деген айып коюлууда. Келтирилген зыян 167 миллион сомдон ашык каражатка бааланган. Адамкул Жунусов Кыргызстандан качып, АКШда жашынып жүргөн. 5-декабрда ал Бакуга келгенде кармалып, Кыргызстанга алып келинген.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: