Menu

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевге түз суроо: Сиз ак болсоңуз кеңешчиңиз Качкыналиев камалмак эмес да, туурабы?

Бөлүшүү:

Бүгүнкү бийлик коомчулук зарыга күткөн иштердин дагы бирөөсүн иликтөөгө киришип, кримтөбөл Азиз Батукаевди кызыл килем менен узаткандарды бир чекеден абакка киргизе баштаганы элдин колдоосуна арзып турат. Эмки кезек Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевге жетти дешүүдө. Анткени, бул адам Батукаевди бошотууда эң негизги, чечүүчү ролду ойногону айтылып келет. Дал ушул кишинин көрсөтмөсү менен ЖАМКтын кызматкерлери «Манас» аба майданына чейин коштоп, узатканы видео тасмалар менен тастыкталган. Мындан улам ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал коррупцияга аралашкан документтерди жасоого жана кызматтык жасалмалоолорго катышы бар деп шектелүүдө. Эсиңиздерге салсак, Калыбек Качкыналиев, Зарылбек Рысалиев УКМКнын төрагасы болуп турганда анын кеңешчиси болгон. Демек, кылмыш кылгандарга багытталган кыл аркандын учу чоң чиновниктин кекиртегине жетти.

—Зарылбек Кылычбекович, кылмыштан буйтап кетиш үчүн колуңуздан келишинче актанганга аракет жасап жатасыз, мындан майнап чыгабы? Барибир мени камай албайт, кол тийбестигим бар деп күпүлдөп жатканыңыз чынбы? Эгер чындап ак болсоңуз кеңешчиңиз Качкыналиев камалмак эмес да, туурабы? Баары билгендей иш жүзүндө кеңешчи тапшырма гана аткарат, ага буйрукту сиз бердиңиз беле? Деги сиз качан чындыкты айтасыз?

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: