Menu

ИИМ: Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн казакстандык жаран Бишкектен кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери терроризмге үгүттөө жана диний кастыкты козутуу үчүн  мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жаранын кармашты.

2019-жылдын 20-май күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын  кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүшкөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Казакстан Республикасынын 1994-жылы туулган Б.Т. аттуу жаранын аныкташып кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорудагы жаран Казакстан Республикасынын Чыгыш-Казакстан облусунун Полиция департаментинин  Криминалдык полиция башкармалыгы тарабынан Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
174-беренесинин 1-бөлүмү (терроризмге үгүттөө жана ачык түрдө террористтик актыларды жасоого чакыруу) менен 313-беренесинин 1-бөлүмү (ырайымсыз зомбулукту жана кыйноолорду пропагандалаган чыгармаларды мыйзамсыз жайылтуу) боюнча издөөгө алынган. Кылмыш иши 2018-жылдын май айында козголуп, ошол эле айда издөө жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын  маалыматы боюнча аталган жаран Бишкек шаарында батирде жашап жүргөн.

Учурда кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: