Menu

Текебаевдин жактоочулары Жогорку сотко кайрылышты

Бөлүшүү:

«Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары саясатчынын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу боюнча Жогорку cотко кайрылышты. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын штабы маалымдады.

Буга чейин саясатчынын адвокаттары жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароону өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан. Бирок башкы көзөмөл органы бул боюнча Жогорку cотко кайрылууну сунуш кылып, арызды кароодон баш тарткан.

Жогорку сот 23-апрелде Текебаевдин жана Чотоновдун ишин карап, чегерилген жазанын алардын мүлкүн конфискациялоо боюнча бөлүгүн алып салып, калган өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: