Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУ өлкөлөрүнүн Медиафорумунун ачылышына катышууда

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-майда ШКУ өлкөлөрүнүн Медиафорумунун ачылышына катышууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш чара Кыргыз Республикасынын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюштурулган.

Медиафорумга мамлекеттик органдардын жетекчилери, ШКУ Катчылыгынын, алдыңкы катардагы ЖМКлардын өкүлдөрү, ошондой эле ШКУга мүчө өлкөлөрдүн медиа эксперттери, байкоочулар жана диалог боюнча өнөктөштөр чакырылган.

Медиа форумдун негизги темасы: “Шанхай кызматташтык уюмун өнүктүрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу”. Катышуучулар медианы өнүктүрүүнүн заманбап трендин жана ШКУнун жалпы маалымат мейкиндигин өнүктүрүү маселесине бирдиктүү мамилени талкуулашат.

Форумдун жүрүшүндө «ШКУ өлкөлөрүнүн медиа ресурстар каражаттары аркылуу ШКУнун платформасын динамикалуу илгерилетүү» жана «ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМКларынын өз ара эффективдүү аракеттешүүсү үчүн бирдиктүү аянтчаны түзүү» темалары боюнча сессияларды өткөрүүү күтүлүүдө.

Эске салсак, Бишкекте ШКУ алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин башчыларынын, Тышкы иштер министрлеринин, Маданият жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйындары өткөрүлдү. ШКУга мүчө мамлекеттердин Бизнес форуму жана Аялдар форуму болуп өттү.

ШКУга 8 өлкө мүчө болуп саналат. Алар: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикистан жана Өзбекстан. 4 өлкө байкоочу макамына ээ: Афганистан, Белоруссия, Иран жана Монголия. Диалог боюнча өнөктөш өлкөлөр – Азербайжан жана Түркия.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: