Кечээ, 23-майда Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Джумалиев Бельгиянын Королу Филиппке ишеним грамотасын тапшырды.
Тапшыруу аземи Брюссель шаарындагы Королдун сарайында өттү.
М.Джумалиев Бельгиянын Королу менен болгон кыска сүйлөөшүүнүн убагында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун атынан салам сөздөрүн жана өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерин мындан ары өнүгүүсү тууралуу жылуу калоолорун айтып тапшырды.
Элчи М.Джумалиев өлкө жетекчилигинин кыргыз-бельгиялык мамилелерин өнүгүүнүн жогору дэңгээлине чыгарууга жогору ишенимин аткарууга баардык күчүн келтирерин белгиледи.
Филипп Королу өз учурунда Элчи М.Джумалиевди Бельгия Корордулундагы дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Бельгиянын элдеринин жакшылыгы үчүн болгон ишине ийгиликтерди каалады, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековго өзүнүн жылуу каалоолорун айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ