Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев музейден Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган «Ит менен ат» жана «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрдүн түп нускасын алганы аныкталып, атайын комиссия түзүлүп иликтөө иштери жүрүүдө. Буга байланыштуу эмгек өргүүсүндө жүргөн Шыгаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Мына ушул ишти териштирүүнү токтотуу үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери 350 миң сом пара талап кылып, акча алып жаткан маалда колго түшкөнү дагы айтылып жатат. Ал эми Шыгаев мыйзамсыз иш боюнча жоопкерчилик тартабы же жокпу күмөн болуп турат.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ