5-октябрь, дүйшөмбү күнү бардык мектептер дезинфекцияланат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын жыйынында билдирди.
Ал 4-октябрда боло турган шайлоодон бир күн өткөндөн кийин кенже класстардын окуучулары үчүн окуу процесси башталат деп эскертти.
«Көпчүлүк шайлоо тилкелери мектептерде жайгашкандыгы баарыбызга маалым. Ушуну эске алып, окуу процессин 6-октябрдан, башкача айтканда, шайлоодон бир күн өткөндөн кийин калыбына келтирүү чечими кабыл алынды. 5-октябрда ар бир мектеп, айрыкча шайлоо участкасы жайгашкан билим берүү мекемелериндеги мектептер дезинфекцияланат. Биз балдарыбызды COVID-19дон сакташыбыз керек », – деди ал.
Кубатбек Боронов белгилегендей, бардык жалпы билим берүү мекемелери Саламаттыкты сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыккан алгоритм боюнча иштеши керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ