2019-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы Бириккен Уллутар Уюмунун офиси жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Д.Мукашев БУУнун Европадагы экономика
боюнча комиссиясынын Аткаруучу катчысы О.Алгаерова менен жолукту.
Жолугушуунун учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен БУУнун Европадагы экономика боюнча коммиссиясынын ортосундагы кызматташтыктын деӊгээлине татыктуу баа берилди. Өлкөнүн социалдык экономикалык кызыкчылыктарынын жана Комисссиянын мандатынын алкагында өз ара аракеттешүү керектүү жана пайдалуу деп табылды. Туруктуу өкүлчүлүк менен Комиссиянын ортосундагы кызматташтыктын күн тартиби да каралып чыкты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ