Menu

Түркияда Айтматовдун китептерин чыгарган басмаканалар соттошууда

Бөлүшүү:

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун түрк тилине которулган чыгармаларын басып чыккан жергиликтүү басмаканалардын арасында соттук жараян башталды. Бул тууралуу «Hürriyet» басылмасы маалымат таратты.

Анда эки басмакананын ортосунда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын автордук укугу талашка түшкөнү жазылат.

Түркияда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын 1991-жылдан 2017-жылга чейин «Ötüken yayıncılık» басмаканасы чыгарып келсе, 2017-жылы бул автордук укук «Nora kitap» басмаканасына өткөн. Бирок «Ötüken yayıncılık» басмаканасы Айтматовдун китептерин түрк тилинде басып чыгарууну улантып келген. Буга нааразы болгон «Nora kitap» 2017-жылы сотко арыз менен кайрылган.

Учурда бул соттук жараян жергиликтүү түрк басмаканаларынын чет өлкөлүк авторлордун чыгармаларын басып чыгуу боюнча иши мыйзамга ылайык келер-келбесин аныктоо жаатында жүрүп жатканы белгилүү.

Түркиянын мыйзамдарына ылайык чет тилден которулган эч кайсы чыгарма авторунун уруксаты жок басылбайт.

Чыңгыз Айтматовдун түрк тилине которулган «Ак кеме» жана «Кызыл жоолук жалжалым» повесттери Түркиянын Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген «100 классикалык чыгарма» тизмесине кирген.

2018-жылды ТҮРКСОЙ эл аралык уюму «Чыңгыз Айтматов жылы» деп жарыялаган. Ушундан улам жыл бою Түркиянын ар тарабында залкар жазуучуга арналган бир канча иш-чаралар өттү. Стамбул шаарында жазуучунун айкели да орнотулган. Мындан тышкары, Түркиянын чоң шаарларында Айтматов атындагы көчөлөр, маданий борборлор жана сейил бактары бар. Измир шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы лицей жергиликтүү окуучуларга билим берет.

Чыңгыз Айтматов дүйнөдөгү көп окулган авторлордун катарына кирген. Жазуучунун чыгармалары 170ден ашык тилге которулган, жүздөн ашык мамлекетте окурмандары бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: