Menu

Догоевдин талапкерлиги парламент комитетинде каралат

Бөлүшүү:

Дастан Догоевдин Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына талапкерлиги Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин 28-майдагы жыйынында каралат. Аны бул кызматка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп жатат.

Догоев 2017-2018-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган. Учурда президенттин коомдук кеңешчиси. Анын ысымы быйыл февралда биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендер чырында аталып, 8-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке күбө катары сурак берип чыккан.

Ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Бакыт Шаршембиев 21-майда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, президент тиешелүү жарлыкка ошол эле күнү кол койгон. Шаршембиев бул кызматта 2018-жылдын апрелинен бери иштеп келе жаткан.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: