Menu

Видео – “Дөө Чыңгызды” да бүгүн баш коргоо чарасын кароо үчүн сотко алып келишти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна баш коргоо чарасын кароо үчүн криминалдык авторитет “Дөө Чыңгызды” – Чынгыз Жумагуловду да алып келишти.
“Дөө Чыңгыз” – Чынгыз Жумагулов “Мыйзамдагы ууру” “Коля Киргиз” – Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна кирет.
Эсиңиздерге сала кетсек, 10-апрелде кримтөбөл “Коля-Киргиз” – Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун “Дөө-Чыңгыз” – Чыңгыз Жумагулов баштаган жигиттери дагы бир кримтөбөл “Сакал” – Улан Токтосуновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Иляс Абдыкадыров жана Урмат Асылбеков аттуу жигиттерин сабап өлтүрүшкөндүгү белгилүү болгон. Биздин укук коргоо органдарындагы жеке булактар кабарлагандай бул жаңжалдын чыгышынын себептеринин бири – быйыл 15-мартта Беш-Күнгөйдө курал колдонуу менен тонолуп кеткен 320 миң доллар болгон. Тонолгон ишкерлерге “Коля Киргиздин” тобу “крыша” болуп келген. Ал эми ишкерлерди тоногондор “Сакалдын” тобунун кечээ өлтүрүлгөн жигиттери болгон деп билдирет биздин жеке булактар. Ошондо “Сакалдын” жигиттери “Коля Киргиздин” таасириндеги аймакка кирип кеткен. Натыйжада аёосуз жазага кириптер болушкан. Билермандардын айтуусунда кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамдары боюнча эми “Сакал” тараптан “ответка” болушу мүмкүн. Бул эки уюшкан кылмыштуу топтун ортосундагы “рамс” – “разборка” – “согушка” алып келет. Баса, биздин булактар кошумчалагандай, Атамбаевдик режимдин заманынан тартып бардык олуттуу акчасы бар ишкерлер уюшкан кылмыштуу топко көмүскө салык төлөөсү нормага айланган.

Төмөндө 10-апрелде болгон окуянын видеосу:

https://www.youtube.com/watch?v=XjH26SAt0_0&lc=z232xpth4py5fzn3wacdp435xz4barjd2mtui2cqxq1w03c010c

Эскертүү: Видеокамера көчөгө коюлган жана дата көрсөтүү функциясы көптөн бери туураланган эмес. Камера 9-апрелдеги окуяны чагылдырган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: