Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 5-июлундагы № 370 буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоонун баскычтуу «жол картасын» ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун кеңешмеси өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн модели сунушталды, ага эки багыт киргизилген:
– мамлекеттик башкаруунун жаңыланган тутуму, ал бийликтин таасирдүү вертикалын түзөт;
– жаңы администратиивдик-аймактык бөлүштүрүү башкаруу тутумун реформалоону ишке ашырат. Ошону менен бирге башкаруучулук реформа административдик түзүлүштөрдүн чек араларына карата баштапкы жана башкы милдет болуп саналат.
Жыйындын жүрүшүндө административдик-аймактык түзүлүштүн жаңыланган долбоорун даярдоо боюнча иштерди жүргүзүү учурунда келип чыккан суроолор талкууланды.
Долбоордун бет ачарынын жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул жумушчу топтун кийинки жыйынына райондук деңгээлдеги административдик-аймактык түзүлүштүн жаңыланган долбоорун даярдоону сунуштады.
Ошондой эле жумушчу топтун мүчөлөрүнө министрликтердин жана административдик ведомстволордун жооптуу кызматкерлери менен биргеликте жакын арада жер-жерлерде мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларын жана түзүлүштөрүн тыкыр талдоо жүргүзүү максатында республиканын аймактарына сапар уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн моделинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча тиешелүү сунуштарды иштөө тапшырылды.
Ушуну менен бирге бул сапардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн долбоорун толуктап иштеп чыгуу тапшырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ