Menu

Аида Салянова өзү казган орго өзү түшүп…

Бөлүшүү:

Аида Салянованы мактап айга теңеп, Курманжан Датка энебизге теңеп аткандарга айтаар элем. Бул да мендей аял, мендей эне. Мени ак жеримден каралап, ошол кездеги өзүнүн командасы менен бир жумада мага карата кылмыш иш токуп өч алуу максатында мени каматкан, мына интернет барактарында жүрөт Саляновага скорый келди, ден соолугун карап деп. Аман болсун, бирок мен оор абалда 10 сааттап операция болуп эсиме келбей жатканда колума ручник тагып реанимацияда жатканда Аида кайда эле ошонун заманы болуп, ошонун сөзүн сүйлөгөн кошоматчылар адамды кыйналып атабы дегенин караган эмес. Бул го менин башыман өткөргөн күндөр. Адинай Турдубаева деген кыргыздын бир кызы ушул Аиданын айынан канча азап жеди. Садыр Жапаров, Келдибеков, Мырзакматовту, Мамытов, Нариман Түлеевди, Ташиевди каматып атканда ушул эле Аида Салянова беле же башка беле? Ошого мен айтат эле бул катындын орду түрмөдө. Таба эмес тобоо келтирем миң мертебе. Динара Сагынбаева да жооп бериш керек экөөнүн орду бир. Адамбыз дагы кимдир бирөөнүн сөзү, иши, аракети көңүлүңө ынап, ал адам кантип жүрөгүңдүн тереңинен орун алып калганын кээде сезбей каласың. Балким ушул үчүн да пендедирбиз. Унутчаактыгыбыз, ишенчээктигибиз үчүн жашоо кызыктыр бир жагынан. Анан негизи көп учурда унчукпай мыйыгымдан жылмайып басып кеткенди жактырам. Бирок кээде менин да бир «жинди» адатым кармап калат. Бүгүн да ошондой «шакыйым» кармап калды. Аны да Орозонун улуу күнү дагы бирөөнү акташ үчүн бирөөнү каралагандар карматты.

Анда эми такташалы! Ахматбек Келдибеков Аида Салянованы каматып койгон имиш. “Койсоңчу коен” дей турган адам жок! “Батукаев боюнча Салянова сүттөн ак” имиш. Шумдугуң кургур дей турган жан жок! Аял, эне аны да караш керек деп жазып жатышат. Эмне Урмат Аманбаева аял эмес беле? Эмне Урмат Аманбаева эне эмес куу баш беле? Ал дагы алмончоктой балдардын энеси болчу! Кызын чыркыратып сот залынан алып кеткенде эмне үчүн ал адамга карата ушул сөздөр айтылган жок? Бүгүн Салянова чыркыратып өзү ак жеринен күйгөзгөн аялзатынын ошондогу абалын сезип жатса керек! Кыргыз жигиттерин кескилеп ойногон канкор Батукаевге бир дарыгер справка бергени үчүн Аида Салянова баш болгондор эркиндикке чыгарып жиберишиптир. Анда эмне үчүн бир эмес Башкы прокурор Аида Салянова өзү ишенбей дайындаган 14 дарыгердин медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканда да Ахматбек Келдибеков камакта отурду? А Батукаевге ушундай жыйынтык чыкканда 2 сааттын ичинде паспортун, самолетко билетин кошо даярдап, колуна карматып, кызыл дорожкадан узатып жиберишпеди беле? Келдибековду айыпташканда Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгү боюнча парламенттин атайын токтому чыккан. Жогорку Кеңештин токтому президенттин указы менен бирдей деңгээлдеги нормативдик документ болуп эсептелет. Бирок бул жагын Салянова карады беле? Соттун чечими жок туруп Жогорку Кеңештин жыйынында “ырдап” турбады беле? Эми Мелис Мырзакматовго келели. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго Салянова баш прокурор болуп турганда кылмыш иши козгогон. (Бул тууралуу Аида Салянова 2015-жылы 11-февраль күнү саат 11:20 да маалымат жыйынында өзү билдирген). Ушул кылмыш иши негиз болуп Борбордук шайлоо комиссиясы Мелисбек Мырзакматовду шайлоого катыштыруудан баш тарткан. Кыргыздын дагы бир чыгаан уулу күнөөсүз күнөөлүү, айыпсыз айыптуу
болуп мекенинен тышта жүрөт. Бүгүн Салянова аппакай дегендер буга эмне дейсиңер?

Камчыбек Ташиев ак үйдүн темир тосмосунан секирип кетти деп камаган деп сыймыктанып жатасыңар? Эмне Отунбаева, Атамбаев, Текебаев баштаган убактылуулар Ак үйдүн эшигин ачып киришти беле? Ташиевге келгенде кылмыш, а башкаларга келгенде бул революция болуп калабы?

Эми Садыр Жапаровго келели. Садыр Жапаровду эң алгач ким камаган? Ким жалган жалаа менен каралап чыккан эле? Садыр Жапаров өзү да «Мамлекеттин башкы прокурору Аида Салянованын «Кумтөр» маселеси боюнча 100% күнөөсү бар деп так кесе айта алам. Мен эле эмес, Эсеп палатасы дагы бул боюнча текшерүү жүргүзүп, Аида Жеңишбековна «Кумтөр» компаниясын 1,5 млрд сом салыктан бошотуу тууралуу акт жазган. Ал жерде Салянованын аты-жөнү бадырайып жазылып, «күнөөсү бар» деп турат»,- деп канча жолу видео кайрылуу кылды? Бул үчүн ким жооп берет?Ал эми Талант Мамытовчу? Анын кайсы күнөөсү үчүн кылмыш ишин ачты эле бул айым? Салянова калыс экен эмне үчүн Иса Өмүркулов сыяктууларга көз жумуп келген? Иса Өмүркуловдун баласы жана Ирина Карамушкина унаалары менен киши тебелеп, өлтүрүп кетсе дагы ооз ачты беле? Бир өңчөй Атамбаевди сындагандарды камап, Атамбаевдин режимин күчөтүп берген так ушул Аида Салянова эмес беле? Ал өтө коркунучтуу кылмышкер Азиз Батукаевди чыгарганга аралашкан. Анан дагы мени «түтөтүп» ңйген бир жагдай Карганбек Самаков. Бул киши кайсы күнөөсү үчүн камалды эле? Ушул кишилер күйгөнчөлүк Салянова кыргызга күйдү беле? Ушул кишилер кылган иштин бир бүртүгүн Салянова жасады беле? Өткөндү да эстеп койгула. Табаа эмес тобо! Бирок, сөздүн ток этерин айтканда Аида Салянова мыйзамды тепсеп туруп Атамбаевдин буйругун кынтыксыз аткарган бир бечара!

Булак: «Кабар инфо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: