Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча жыйын өткөрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан көтөрүлгөн Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгесин ишке ашыруунун алкагында Өкмөт даярдык көрүү боюнча иш-чаралар комплексин аткарат.

«Оюндардын алкагында өтүүчү спорттук мелдештер, маданий иш-чаралар этномаданиятты, этноспортту өнүктүрүүгө жана сактоого багытталган. Биз кайрадан бүт дүйнөгө маданий байлыгыбызды жана өзгөчөлүгүбүздү, жаратылышыбыздын кооздугун көрсөтүүгө тийишпиз. Быйыл Улуттук көчмөндөр оюндарын Талас облусунда өткөрүү чечими кабыл алынган», – деди ал.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча Катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн жалпы концепциясын жана иш-чараны уюштуруу ишинин негизги багыттарын тааныштырды.

Белгиленгендей, оюндардын алкагында Талас шаарынын ипподромунда спорттук мелдештер жана «Манас-Ордо» Кыргыз улуттук комплексинде маданий иш-чаралар өткөрүлүп, этнобазар уюштурулмакчы.

Жыйындын жүрүшүндө Улуттук оюндарды өткөрүүнүн негизги жайларын реконструкциялоо маселелери жана Талас шаарындагы башка инфратүзүмдүк объекттердин абалы талкууланды. Мындан тышкары иш-чараны каржылоо маселеси каралды.

Өкмөт башчы оюндарды өткөрүүгө сапаттуу даярдыктарды камсыздоо, курулуш иштери үчүн каржылоону өз убагында бөлүштүрүү маселесин иштеп чыгууну, бардык оңдоо иштерин сапаттуу аяктоону камсыз кылууну тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: