Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан менен Монголия өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июнда Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий визитинин алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасашты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын билдирүүсүнүн тексти:

«Урматтуу Президент мырза,

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Монголиянын Президентинин Кыргыз Республикасына жасаган расмий иш-сапарынын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр аяктады.

Бул расмий иш-сапар биз үчүн абдан маанилүү.

Биз тарыхы да, маданияты да, жашоо образы да жакын элбиз.

Монголияны биз Кыргызстанга абдан жакын өлкө деп эсептейбиз.

Ошондуктан бүгүнкү жолугушуу ачыктык, ишеним жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Урматтуу Президент мырза менен эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибиндеги бир катар маселелерди талкууладык.

Алардын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттарга жана тоо кен өнөр жайын мындан ары өнүктүрүүгө көңүл бурдук.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биз кезектеги Үчүнчү кыргыз-монгол өкмөттөр аралык кызматташуу боюнча комиссиянын жыйынын өткөрүүнү талкууладык.

Өкмөттөр аралык кызматташуу боюнча комиссияны өткөрүү – биздин кызматташтыкты бекемдөөгө жаңы импульс берет деп ишенем.

Албетте, регион аралык кызматташуу дагы талкууланды.

Кыргызстан менен Монголиянын региондорунун ортосундагы эки тараптуу байланыштарга өбөлгө түздүк.

Ушул жумуш мындан ары улана берет деп ишенем.

Урматтуу Президент мырза расмий иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасында Монголиянын Элчилигинин ачылыш аземине катышат.

Элчиликтин ачылышы менен биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлге көтөрүлөт.

Монгол тарап менен чогуу эки тараптуу мазмундуу иш алып баруу боюнча макулдашууга жетиштик.

Эң негизгиси – эки тарап тең өз ара пайдалуу кызматташтыкты арттырууга кызыкчылыктарын билдиришти.

Кыргыз тарап расмий сапардын жыйынтыгы менен канааттанды десем болот.

Менин чакыруумду кабыл алып, ушундай жогорку даражалуу делегация менен өлкөбүзгө келгени үчүн  Президент мырзага ыраазычылык билдирем.

Биздин жолугушуубуз жана Президент мырзанын расмий иш сапары эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө чоң салым кошот деп ишенем».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: