Menu

АШАнын акыркы монологубу?

Бөлүшүү:

Адвокаттар гонорарларын жыйында актоого аракеттеништи

Өткөн жумада АШАнын жеке менчик “Форум” имаратынын койнунда “Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн” деген темада жыйын болду. Аны АШАнын “Апрель” баштаган ЖМКлары “митинг” деп жарыялашты, бирок аны ири коррупциялык иштери үчүн айыпталып жаткандардын жакындары менен досторунун, алардын адвокаттарынын жана “Форумда” иштегендердин чогулушу деген чындыкка ылайык келет. Анткени, ага алардан башка эч ким катышпады. Анда бардыгы 11 адам чыгып сүйлөсө, экөөсү адвокат, ал эми калгандары “Форумда” иштегендер жана камалгандардын агалары, эже-карындаштары, достору болду. Башкалар: “биздин камакта жаткан туугандарыбыз, досторубуз кой оозунан чөп албай өз тиричиликтерин эптеп кылган момун адамдар, аларды токтоосуз бошотуу керек” дегенди айтышса, АША мыйзамдын катаал укуругунун мойнуна жакындагандыгын сезген менен күнөөлөрүн таптакыр мойнуна алгысы келбей, тескерисинче азыркы бийликтегилерге биротоло эрегишип, өз укугун мыйзамдуу жолдор менен эмес, деструктивдүү иш-аракеттер менен коргоого даярданып калгандыгы категориялуу билдирүүлөрүнөн, мурдагыларынан да ашкан мазактап, шылдыңдоолорунан, ачык коркутуп опузалоолорунан ачык көрүндү. Биз ага макаланын кийинки бөлүмүндө кеңири токтолобуз, мында камалгандардын жакындарынын сөздөрүн резюмелесек, алардын акыбалдарын түшүнсө болот, нормалдуу кандай адам жакындарынын камалгандыгын кааласын! АШАчылар аларга кайра-кайра телефон чалышып (ал айрымдарынын сөздөрүнөн байкалды), “келгиле талап кылабыз”,- дегенден улам келишти, андан жыйынтык чыгарына ишенбесе да, өтүнүчтөрүн, дооматтарын айтышты. Эгерде АША, анын айланасындагылар козутушпаса, алар “буйруганы болот”- деп үйлөрүндө эле отурушмак. Кудай урган АША бирөөлөрдүн жакындык сезимдерин да өз кызыкчылыгына пайдаланып, жоопкерчиликтен кутулууга жандалбастоодо.

АША мамлекеттик резиденцияда, “Форумдун” короосуна бекинип алып гана күпүлдөйт, ал жактардан башка жерлерде тумшугун элге көрсөткөндөн коркот. Бирок, анын “Форумуна” барып, анын монологун угууну каалагандар жыйындан-жыйынга, айдан-айга азайып баратат. 8-июнда өткөргөн жыйынына сырттан саясатчы түгүл, бир да калыс адам да барбады. Рыскелди Момбековдун “кутумдугу ашынган Фаридиң менен боло бер, ал жаныңда турганда “Форумуңа” экинчи бутум баспайт”- деп АШАга кесе кол шилтеп салгандыгын билебиз. Атүгүл мурдагылардан Мадеминов, Мискенбаев дегендери да көрүнбөдү. Мискенбаевдин куйругундагы калбырдагы “калдырттаган 2 миллион сомдук көмүрдү ” сүйрөгөнгө алы келбей, акыркы убактарда деми кайтып, ындыны түшүп калгандыгын эшиттик, бирок эмне үчүн адвокаттар ал жерге барып, прокуратура, сот органдарын ышкырта жамандагандарын түшүнбөдүк. Андай көрүнүштөр мыйзамга да сыйышпайт. Адвокаттар өздөрүнүн кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн, чечендиктерин митингдерде, жыйындарда эмес, соттук кароолордо көрсөтүүлөрү қерек. Бирок алар ал жерлерде канчалык какылдашса деле, кылмыштуу иш жасагандары көзгө сайгандай болуп турган фактыларды жеңе албашын, демек акча төлөгөндөр каалагандай жыйынтыкка жетише албай тургандыктарын түшүнүшкөндөн кийин гонорарларын сүрмө чогулушта болсо да актаганга аракеттеништи окшойт.

АША саясаттагы кейбирчиликке айланууда

Сүйлөгөндөрдүн эң акырында сөз алган АША “кыргызча эле урдуртайын” десе, Ирина деген досу орусча сүйлөөсүң өтүнгөнүн айтып, орусча “урдуртуп” кирди. Урдурганда да тилинин айынан төрт эрден чыгып, базарда отурган оригиналдуу айымдардан да өтүп кетти. Ал бир жыл бою аракеттеги президентти ийилтүүгө аракеттенип, акыркы жарым жылдан бери жолугушууну суранганы да ишке ашпагандан кийин андан биротоло түңүлүп, келерки монологго чейин микрофон колуна тийерине да көзү жетпегенден улам, аны бир армансыз шыбап алгысы келгендиги адегенде эле байкалды.

АША маданият, этика, уят-сыйыт дегендерден кийин туулган адам. Ал буга чейин саясый атаандаштарын, жаман көргөндөрүн кандай жаман сөздөр менен каргап, шилеп, боктоп келгендигин жакшы билесиздер. Эгерде цивилдүү, демократиялуу өлкөлөрдөгү жетекчилердин оозунан АША айткандардын бири эле чыкса, ал ошол замат кызматынан четтетилип, сот жообуна тартылмак. Бирок, тилекке каршы, АША Кыргызстанда оюна эмнелер келсе, ошолорду айтмак түгүл, мыйзамдуулукту тебелеп тепсесе да жооп бербей тургандыгына көнүп алган. Анын мурдагы жасагандары эки революциянын бүктөмдөрүндө калды, андан кийинки жасагандарын, айткандарын үчүнчү революция болсо, анын урандыларына көөмп салаарына ишенгендигинен улам Р.Отунбаеваны “самозванка” деп шылдыңдап жүрдү. Өткөн жылдан бери аракеттеги президент жөнүндө ар кандай жаман сөздөрдү айтып келсе, бул жолкусу бардыгынан өтүп кетти. “Шайтандын кызматкери”, “адам деп айтыш кыйын”, “мунафик” (каапыр), “айбан”, “ыплас”, ”колхоз”, “шайки-лейки”, “Кокон хандыгы” – булар АШАнын аракеттеги мамлекет башчысы жөнүндө айткандары. Ал парламентти дагы эки-үч ирет “чимкирик” деп атады. Эгерде мурдагы президенттердин тушунда легитимдүү бийлик органдары, аларды башкаргандар жөнүндө жогорудагыдан алда канча жумшак сөздөр айтылса деле Башкы прокуратура аларга карата кылмыш иштерин козгочу, ал туура, бийликти, аны жетектегендерди мыйзам чектеринде каалаганча сындай берсе болот, бирок катардагы жарандардай эле, аларды мазактап, шылдыңдаганга жол берилбейт. Жөн жүргөн бирөөнү жогорудагыдай сөздөр менен мазактаган ошол замат ири айып пулга кириптер болот, камалып да кетиши мүмкүн, бирок эмне үчүн андай норма АШАга карата таптакыр колдонулбай жатат? Жогорудагыдай сөздөр менен мазактап, шылдыңдоо кылмыш жасаганга тете көрүнүш, ал эми экстер кылмыш үстүндө кармалышса, андай учурларда аларга кол тийбестик таркатылбайт. АШАнын айткандары да инсандын абийир беделине шек келтирген кылмыштардан.

“Сыныктан башканын баары жугат” – деп туура айтылган. АШАдан үйрөнгөнбү, же анын психикасында да мандем барбы, жакында бир мамлекеттик чоң кызматкер журналист кызды “кебетең суук экен, мага жаккан жок, ошон үчүн жооп бербейм” деп мазактап, анан бир тулуп чүкө утуп алган баладан бетер кытылдап күлө, карыган бийчи короздонгондон бетер чычаңдай басып кеткенин теледен көрдүк. Кошуна бир өлкөдө жетекчилердин кол алдындагыларды сабап туруусу адатка айланып калгандыгын угуп, окуп жүрөбүз. Анткени, алардын мамлекет башчысы колу кычышканда министрлеринин, губернаторлорунун баштарына папкалар, телефондор, стулдар менен ургулап жүрүп, аларды ошого көндүрүп кетиптир. Биз да АШАнын өйдө-төмөн сөздөрүн уга берип, акырындап саясаттагы кейбиризмге көнүп баратабыз. Андайларга гранттардын эсебинен тиричилик кылышкан штаттык адам укуктарын коргоочулар да көнүп бүтүштү. Болбосо, эмне үчүн алар дүжүр демагогиялык ураандары менен кыйкырып чыгышпайт?

Эки президентибиз качып кетишти. Төртүнчү АША үчүнчүсү менен бешинчисин оозго алгыс сөздөр менен боктоп, ири коррупциялык иштер менен кармалгандарды жан талашып актоодо. Ал бирөөлөрдү “колхоз” деген менен өзү сүйлөө, ойлоо өзгөчөлүктөрү жагынан ЖКХнын дайыма мурду кызарып жүргөн слесарынан айырмасы болбой калды. Ал “слесарды” жаман адатынан арылтуу үчүн мажбурлап да болсо дарылоо же милдеттүү психикалык экспертизадан өткөрүү зарыл. Антпесе ал Кыргызстанды булгап, жаман жагынан атын чыгара берет. “Оозу жаман элди булгайт…” деп бекер айтылбаган. АША кыргыз саясатын гана эмес, элди да булгап бүттү. Мурдагы мамлекет башчысы кийинкисин “тийиштүү жериңди кыс, антпесен жакында сага бирди көрсөтөм!” деп кыйкырып, жогоруда айтылгандай сөздөр менен шыбап турса, каяктагы саясый маданият, этика жөнүндө айтууга болот? Андай сөздөр түрмөлөрдө да айтылбайт. АШАга кошо Кыргызстанды да биротоло Кейбирстанга айландырбайлы десек, саясаттагы кейбирчиликке чек коюу керек. Теке “эс алууга” кеткенден кийин парламент тынчып калды эле, АША да эбак аны күтүп жаткан жерге жөнөтүлмөйүнчө, саясатыбыз да кейбирчиликтен арылбайт.

Өз атын өзү чакырган АШАнын суракка келерине аз калды

“Форумчулар” өздөрүнүн жыйынын “Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн” деп аташыптыр. Муну алар аңгазарлыктарынан, мамлекеттик тилди жакшы билбегендиктеринен улам ушинтип алышканбы же ал жерде отурган бир сатирик атайылап “Форумчуларды” шылдыңдоо үчүн ошентип атап койгонбу, иши кылып, ал кыйыр түрдө “АШАны тезирээк камагыла, реалдуу күрөш ошондо болот” деген маанидеги чакырык болуп калыптыр. Анткени, Кыргызстандагы ири коррупциялык жаңжалдардын бардыгынын артынан АШАнын башы көрүнүп жатпайбы!

АША мурдатан Кокон хандыгын көп оозанса, бул жолу да аны кайталады. Билишибизче, аракеттеги ажонун жакындарынан Коконго жакындагандары болгон да эмес, бирок АШАнын теги Кокондон качып келгендерге барып такалары айныксыз факты. Анын кандай адам болгондугу тууралуу да версиялар бар, айрымдар аны тактап жатышыптыр деп угабыз, бирок теги Кокондук экендигин билип туруп, кекиликтей өз атын өзү чакырып, жаман көргөндөрүн Кокондук дей бергендин бир жагы кайра эле өзүнө барып тийип, уккандардын, окугандардын күлкүлөрүн келтирип жатпайбы.

АШАнын “Батукаевди бошотуу үчүн Сооронбай Жээнбеков акча алган болуш керек” дегени да күлкүнү келтирет. Ал убакта Жээнбеков Ошто жүрсө, Батукаевдин бошоп кеткендигин көпчүлүк жарандардай эле, ЖМКлардан билсе, аны бул жерге алып келип жармаштырууга аракет кылуу – АШАнын аргасы чындан кетип, алдастап калгандыгын гана айгинелейт.

Ал УКМКны – улуттук коркунучка теңеди. АКСты анын курамынан чыгарып, Өкмөткө бериш керек деп кыйкырууда. Кайниси А.Сегизбаез УКМКны башкарып, “Белизгейттин” материалдарын көтөрүп келип турганда жакшы да, эми анын кылымдык коррупциялык жаңжалдарга аралашкандыгын текшерип, тескей баштаганда УКМК ага улуттук коркунучтай көрүнө баштаптыр. Ал туура, атайын жана укук коргоо органдары ууруларга, коррупционерлерге, алдамчыларга бокочодой көрүнүп, түштөрүнө да кирип, тынч уктатпай туруулары керек. Кылмышкерлерге сүйкүмдүү көрүнгөн атайын кызматтардын,  укук коргоо органдарынын элге, мамлекетке кереги жок.

Ал жыйында А.Батукаевди Кыргызстандан чыгарып жибергенге таптакыр тиешеси жоктугун, өзү да аны 3 айдын ичинде өлөт деп ойлогондугун, анын баарын кылган Турсунбек Акун экендигин, Аида Салянованын анда күнөөсү жоктугун айтты. Экс-башкы прокурорго адвокаттык кылганы – “мен жөнүндө эч нерсе айтпа” – деп эскерткени, экс-Акыйкатчыны шыбаганы – “баарын ошого шылтагыла” – деген тымызын кеңеши. Бирок Турсунбек Акунда какылдаган тил болгон менен вице-премьер-министрге, министрлерге, сотторго, прокурорлорго көрсөтмө бергидей бийлик болбогондугун, АШАдан түз көрсөтмө алышпаса, алар бири-бирине чалыныша жүгүрүшпөстүгүн бала деле билип турбайбы. АША дайыма танат, жалгандарды ышкыртат, бирок аларынын көпчүлүгү парданы шоона жип менен тиккендей эле оркоюп окшошпой калат. Батукаевди үч айда өлөт деп ойлогондугу, аны бирөөлөр ишенчээктегинен пайдаланып алдап коюшкандыгын – анын ыймансыз калптарынан. Эгерде анысы чын болсо, А.Батукаев өлбөй этпей эле, тескерисинче күчү ашып-ташып, ошол жылы күздө 18 жашар кызга үйлөнгөндүгүн уккандан кийин парламенттик комиссиянын текшерүүсүн тездеттирип, жардамдашып, анан анын жыйынтыгына таянып туруп, күнөөкөрлөрдүн бардыгын ээрлеринен шыпырып, иштерин тергөө органдарына өткөрүп таштамак. Ал кылмышты өзү уюштургандан улам, парламенттик комиссиянын өтө активдүү мүчөлөрүн чакырып алып, Батукаевдин ишин козгой бербөөлөрүн талап кылып, айрымдарын коркуткандыгын комиссиянын курамында болгон Канат Исаев айтып келатат.

Ал тууралуу Турсунбек Акун: “Атамбаев ал иштин башында тургандыктан, бастырып койгон. Азыр ал ишти Сооронбай Жээнбеков көтөрүп чыккан жок. Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары көтөрүп чыгышты эле, Башкы прокуратура аны кайра жандантты. Мына эки ай болуп калды, эми баарыбызды сурап атат. Кармалгандары кармалды. Атамбаев “ошол кармалгандар мага каршы көрсөтмө берип жибербесин” деп чычалап, чырылдап атат”,- дейт.

Жарандык активист Шайлообек Атазов: “Форумдагы” жыйында АША Дача-СУдагы, Бишкек ЖЭБиндеги, Кумтөрдөгү, Улуттук тарых музейиндеги ж.б. жоболоңдуу окуялар үчүн элден кечирим суроосун күткөндүгүн”, бирок анын башкаларга асылгандыгын укканда андан биротоло түңүлгөндүгүн айтат. Баамыбызда 8-июндагы монолог АШАнын эркиндиктеги акыркы сөздөрүнөн болуп калат окшойт. Анткени, Д.Сагынбаеванын, Ш.Атахановдун АШАга каршы ынанымдуу көрсөтмө беришкендерин уктук. А.Салянова да жакында булбулдай сайрап, баарын ачыкка чыгарат. АША үчүн ал эч качан түрмөгө отургусу келбейт. Анан кезек ага келип, Дача-СУдагы жүктөр кимдики болгондугу, Бишкек ЖЭБин, Улуттук тарых музейин реконструкциялоодогу ондогон миллиондогон долларлардын кайда кеткендигин да айтып, көбүн төлөп да бере турган күндөргө да аз калды. Укук коргоо органдарынан эл ошону гана күтөт, ошондо гана эл коррупцияга каршы күрөштүн кайтпастыгына, мыйзамдын алдында баары бирдей экендигине ишенет.

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: