Menu

Өкмөт күзгө чейин ордунда калса, саясый кырдаал курчуйт

Бөлүшүү:

Өкмөттө жаңы идея, жаратмандык жок. ЖМКларда, соцтармактарда кандай кыйкырыктар болсо, ошого жараша түздөнүп коюп отурат. Буга чейин инвестиция тартууга, жумушчу орундарын түзүүгө жарабай турганын көрсөткөн. Орой айтканда, «шалтурук» образда…

Негизи Мухаммедкалый Абылгазиевди бажасы Иманкадыр Рысалиевдин чуулганы менен кызматтан айдаш керек болчу. Эгерде өнүккөн, алдыга умтулган өлкөлөрдө мындай ээнбаштык болгондо, кызматтан кетүү аздык кылмак, кылмыш жоопкерчилигине тартылышмак да. Бизде «өз киши» деген ит оорунун айынан «жабылуу аяк жыбылуу» бойдон калууда. Бирок, моралдык жагын ойлогон элита өкмөт башчынын кызматтан кете турганын боолголоп калышты. Сыягы, саналуу күндөрдөн кийин ШОС иш-чарасы Бишкекте өтүп бүтсө, андан соң Абылгазиевдин ээрге
жармашып калышы кечиримсиз. Негизи иш жүзүндө, депутаттар каникулга кеткенче премьер-министрдин тагдырын чечиши шарт. Эгерде күзгө чейин ушул «өлүмтүк» өкмөт калып калса, анда саясый кырдаал кескин түрдө начарлап кетет. Экономикалык-социалдык абалыбыз барган сайын туңгуюкка такалууда. Көпчүлүк карапайым калктын турмушу итке минген абалда, эзилген, кайгыга баткан жашоо өтүүдө. Мындай үмүтсүз күндөр келечекке карай сокку ура турганын тарых эчен көрсөткөн. Бир эсе «Коопсуз шаар» долбоорунун айып пулдары элдин жонунан кайыш тилип, кыжырданууну жаратып, жарылууга алып бараткан жокпу?..

Аныгында, өкмөт иштебей эле бир ордунда тыгылган трактордой элес калтырууда. Көзгө көрүнгөн, жонтерибиз менен сезе турган өзгөрүүлөрдү тек кой, жашоону өзгөртүүгө жол сала алган жок да. Уран чатагы сымал улам эле катачылыктарга жол берет, анан коомчулук чуру-чуу түшөт, кайра алган багытын өзгөртөт. Катасын оңдомуш этип. Эгерде мындай өкмөт менен күзгө жетип, элдин нааразычылыгы жаралганда отставкага кетирүүгө барышса, анда кеч болуп калат. «Элдин агымы сел» дейт.

Кризистик кырдаалды козутууга кандай негиздер кошул-ташыл болушу мүмкүн? Саясый куугунтук көргөн лидерлердин айрымдары түрмөдө отурушат, эркиндикке чыккандары адилеттүү жагдайда тебеленген укуктарын коргой алыша элек. Ал эми коррупцияга шектелген жоон топ аткаминерлердин соттук процесстери бүдөмүк өтүүдө, көпчүлүк чындыкты билгиси келет. Кадр саясатынын кадыры кеткен ж.б.

Кыскасы, көп көйгөйлөрдү алдына алуу менен ишбилги, жаңы премьер-министрдин шайланышы Кыргызстандагы стабилдүүлүктү камсыздайт. Башка жол жок.

Акын Бекчороев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: