Жума намазы мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу кечээ, 16-октябрда Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарындагы мечиттерде жума намазын окуганга убактылуу тыюу салынган.
“Коронавирус жуктуруп алгандар шаарда көп катталып, кырдаал курчуп жатат. Ага ылайык шаардык штаб массалык топтолууга бөгөт коюуда”,- деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ