Menu

“Чимкирик элита”

Бөлүшүү:

Айттан кийин аймактарды кыдырып, шайлоочулары менен жолугушуп келген депутаттар жалпы жыйынды «чү» дегенде эле экс-президент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесинен башташты. Катуу даярданып келишиптир, 5-10 мүнөттөн убакыт алып, борбордук трибунадан сөз башташты. Негизинен, билдирүүлөрү аларды «чимкирик» деп атаганы үчүн эмес, Атамбаевдин президентке өтө катуу сөздөрдү айтканы үчүн болгонун баардык эл түшүнүп турду.

«Биз чимкирик эмеспиз, биз элитабыз». Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин депутаттарды экинчи жолу «чимкирик» деген сөзүнө айрым депутаттар ушинтип жооп беришти. «Чимкирик» аталганына нааразы болгон депутатгар экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу демилгесин көтөрө калышында мандем бар экени дагы сыр болбой калды. Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууга башкы себеп «чимкирик» деп ат коюу жана тынч жатпай улам-улам катуу билдирүүлөрдү таратып жатышы экен. Логика кайда?

Депутат Алмамбет Шыкмаматов «чимкирик» деген сөз үчүн кол тийбестикти алабыз» деген акылга сыйбаган иш экенин айтты. Ооба, Атамбаевдин кылмыштары жок эмес. Ал репрессия кылган адамдар азыр да акталбай, түрмөдө жатышат. Бирок, ал бийликтен кеткенден бери 1,5 жыл өттү. Бийлик алмашты, бирок, акыйкаттык орной электигин айткандар ошол эле парламенттегилер.

Депутаттар «Атамбаевге жооп беребиз» деп атышып, өз абийирлерин ачып алышты. Атамбаев бийликте турган учурда ага каяша, каршы сөз айтканды кой, «Атамбаев – улут атасы, журт атасы» деп жүргөндөр коомчулуктун гана эмес, депутаттардын да сынына кабылды. Баарынан да төрага Дастан Жумабековдун эмоционалдуу билдирүүсү «жарды». Атамбаев депутаттарды мурунку жолу «чимкирик» дегенде, төрага ага жооп кайтарган. Анан Атамбаев жөн калабы, «мага акыл айтканды коюп, чимкиригиңди тартып, катты туура жазып ал» деген. Ошонусу ага катуу тийген белем, спикерлигинен пайдаланып, борбордук трибунага чыгып, «буркан-шаркан» түшүп, айтчусун айтып алды.

Өздөрүнүн «чимкирик» экенин моюндагандар да бар. Атамбаев кезинде баарынын тагдырын чеччү. Азыркы өктөм сүйлөп жаткандар анын бийлигинин тушунда жөрмөлөшчү. Муну мен эмес, саясатчылар өздөрү айтып жатышат. Жадагалса Атамбаев азыркы чакырылыштагы парламентке келген партиялардын тизмесин бекиткенин Курманкул Зулушев ачыктап жиберди. «2015-жылы парламенттик шайлоо алдында «Ата Мекен» партиясынан сырткары, беш партиянын тең тизмесин Алмазбек Атамбаев түзгөн» десе, Алтынбек Сулайманов «Шадиев, Чудинов баштаган депутаттарды өзүм түзгөм» деп актанып алды.

Эмнесин айтасыз, «элита» депутаттар бийликтин жетегинен чыкпай, 7-кабаттын көрсөтмөсүн аткарганы калбаптыр. Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу демилгесин 40 депутат колдоп берди. Атамбаев бийликте турганда «кың» деп үн ката албаган, эми «чимкирик» деген сөзүнө теригип жаткан депутаттар президент Жээнбековдун тушунда «чимкирик» эмес экенин далилдей алар бекен?..

Торгой Бекмуратова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: