Menu

Тажик түрмөсүндөгү тополоң үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды

Бөлүшүү:

19-майга оогон түнү Тажикстандын Вахдат шаарындагы түрмөдө чыккан тополоң үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» (ИМ) тобу өзүнө алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги согушкерлердин Al-Nabaa басылмасына шилтеме кылып билдирди.

Андагы маалыматка караганда, түрмөдөгү башаламандыктын артында «халифаттын жоокерлери» турушкан. Бирок Al-Nabaa сайты бул маалыматты ырастаган эч кандай далилдерди келтирген эмес.

Буга чейин Тажикстандын Ички иштер министрлиги тополоң маалында өлтүрүлгөн 32 кишинин 17си «Ислам мамлекети» террордук тобуна мүчө болгону үчүн эркинен ажыратылганын билдирген.

Душанбеден 15 чакырым алыстыктагы абакта чыккан тополоңдо Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» үч мүчөсүнүн жана үч түрмө сакчысынын өмүрү кыйылган.

Аталган партиянын өкүлдөрү өлгөндөрдүн саны бийлик билдиргенден кыйла көп экенин айтышкан.

Былтыр ноябрь айында Хожент шаарындагы түрмөдө да тополоң чыгып, абакта жазасын өтөп жаткан 21 киши жана эки түрмө сакчысы каза тапкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: