«Алдырар күнү жаздырар» дегендей, экс-президент тынч жаткан парламенттин ачуусуна тийип, болбогон жерден өзүнө ор казып алды өңдөнөт. Жинденген депутаттар ыкшоо органдарды күтүп отурбастан экс-президент Алмазбек Атамбаевди темир торго киргизүү аракетин башташып, кечээ Жогорку Кеңеш мыйзам боюнча эл өкүлдөрүнүн 3/1, тагыраагы 40тан ашык депутат демилге көтөрүп, маселени иликтөө үчүн комиссия түзүштү. Комиссия 7 күн ичинде текшерип чыгып айыптарды далилдесе, дароо Жогорку Кеңештин жыйынына чыгарып 60 добуш макулдук менен жогорку укук коргоо органдарына жөнөтүлөт. Бул мыйзам боюнча 120 депутаттын 81 депутаты макулдугу менен экс-президенттин кол тийбестик алынат. Жыйынтыгында кылмыш иш аныкталса экс-президент да жоопкерчиликке тартылышы күмөн эмес…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ