Menu

БГУ – билим берүүдөгү кыргыз-кытай кызматташтыгынын лидери

Бөлүшүү:

Евроазия университеттеринин ассоциациясынын мүчөсү, Кыргызстандагы гуманитардык билим берүү тармагынын лидери К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети эң алдыңкы элиталык жогорку окуу жайлардын бири деп айтууга болот. БГУ бүгүнкү күндө билим берүү алкагында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына жооп берген, эл аралык эмгек рыногунда талап кылынган гуманитардык, экономикалык жана социалдык, котормочулук ишмердүүлүк боюнча чет тилдерин мыкты билген жогорку класстагы адистерди даярдап келүүдө.

Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде 40 кафедраны камтыган 9 факультет, Үзгүлтүксүз дистанттык билим берүү институту, колледж бар. Жогорку кесиптик билим берүү жаатында 40 тан ашуун программа боюнча дүйнөнүн 16 тилинде (кыргыз, орус, англис, немец, италия, польша, украина, француз, япон, корей, перс, араб, түрк, кытай, белорусь ж.б.), 70 тен ашуун университеттер менен кызматташат. Студенттер чет тилдерин окуп, үйрөнүүдө жыл сайын Кытай, АКШ, Германия, Россия, Казахстан, Украина, Беларусь, Польша, Румыния, Франция, Түштүк Корея, Япония, Малайзия, Индия, Улуубритания сыяктуу чет өлкөлөргө барып тажрыйба топтоп келет.

БГУ өзүнүн билим берүү ишмердүүлүгүн төмөнкү билим берүү программалары жана илим тармактары боюнча жүзөгө ашырат:

27 кесиптик багытта бакалаврларды даярдоо;

2 жогорку кесиптик билим берүү адистигине даярдоо;

18 кесиптик багытта магистрлерди даярдоо;

9 илим тармагы жана 11илимий адистиктер боюнча аспиранттарды жана докторанттарды даярдоо;

Окуу, билим тармагында Кыргыз-Кытай мамилелериндеги алгачкы чыйыр салган жогорку окуу жай бул – БГУ десек жаңылышпайбыз. Кыргызстан өз эгемендүүлүгүн алганда алгачкылардан болуп БГУда Чыгыш таануу багыты түптөлүп, 1994-жылы “Чыгыш таануу жана эл аралык байланыштар” факультети ачылып, анын ичинде “Кытай таануу” багыты алгылыктуу өнүктүрүлө баштаган. Ошол мезгилдерде окуп, кытай тилин терең үйрөнүп чыккан адистер азыркы Кыргыз-Кытай мамилелеринин баардык тармактарында ийгиликтүү иштеп жатышат.

Азыркы күндө БГУда чоң Кыргыз-Кытай факультети түзүлүп 1000ге жакын студенттер Лингвистика, Филологиялык билим берүү, Чыгыш таануу жана африканистика, Аймактаануу жана Эл аралык байланыштар багыттары боюнча кытай тилин, адабиятын, тарыхын терең үйрөнүүдө.

БГУ – бүгүнкү күндө Кытайдын 20дан ашуун жогорку окуу жайлары менен келишимдерди түзүп, алакалык, достук, окуу-илимий мамилелерди жүргүзүүдө. Академикалык мобилдүүлүктүн негизинде жылына 150-200 БГУнун студенттери Кытай университеттерине барып окуп келишет. Ошондой эле 200гө жакын кытай жарандары БГУда билим алууда.

Синьцзян университети менен БГУнун жигердүү кызматташуусунун жыйынтыгынын негизинде Кыргызстанда биринчи жолу Конфуций институту түптөлгөн. 2008-жылы 15 июнда БГУнун алкагында Конфуций институтунун алгачкы ачылыш аземи болгон. Азыркы учурда Конфуций институту менен К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети эки мамлекеттин билим берүү тармагына зор салым кошуп, эки тараптуу кызматташуунун эң жогорку тепкичине көтөрүлүп чыкты десек жаңылышпайбыз. Мындай ийгиликтер К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректору Абдылда Инаятович Мусаев башында турган профессордук-окутуучулар курамынын талыкпаган эмгеги аркылуу жаралганын айтпай кетүүгө болбойт.

Бишкек гуманитардык университетинин Институт Конфуциясы жана Кытай Конфуций Институтунун башкы борбору “Ханьбань” менен түзүлгөн келишим боюнча “2+2” форматында жылына 30 студент эки жылга Кытай Эл Республикасынын үч университетинде билим алышат:

  1. Чыгыш – Кытай педагогикалык университети, Шанхай
  2. Түштүк -Кытай педагогикалык университети, Гуанчжоу
  3. Синьцзян университети, Урумчи.

Кытай Эл Республикасынын коммунисттик партиясынын генералдык катчысы Си Циньпиндин Кыргызстанга жасалуучу мамлекеттик иш сапарынын урматына, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун мамлекеттик саясатын колдоо максатында Кытай коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин пропаганда бөлүмүнүн министринин орунбасары Ван Сяохуэй, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь башында турган Кытайдан келген жоон топ делегаттар менен Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, БГУнун ректору Абдылда Мусаев жана окуу жайдын жалпы жамаатынын катышуусунда 2019-жылдын 10-июнунда К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин башкы окуу имаратында «Кытай китепканасынын» же “Кытай павильонунун” ачылуу аземи болуп өттү.

Бул “Кытай павильонунун” ачылышы Орто-Азияда биринчи болсо, дүйнөдө ачылган Кытай павильондордун жыйырманчысы болуп калды. Бул китепкана 8000ден ашык окуу адабий китептерди, 80 000ден ашуун санариптик, электрондук китептерди, журналдарды, гезиттерди камтыйт. Бул китепкана Кытай мамлекеттик кеңешинин “Бренддик проектиси” болуп саналат. Бул жалгыз гана БГУ нун студенттери учун эмес бутун кыргыз коомчулугуна ачылган санариптештирилген чоң китепкана болуп калды.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Циньпиндин Кыргызстанга жасалуучу мамлекеттик иш сапарын утурлай Кытай Коомдук илимдер академиясынын вице-президенти Ваң Жиңчиң жетектеген тарыхчы окумуштуу-изилдөөчүлөрдөн турган Кытай Эл Республикасынын делегациясы 2019-жылдын 11-июнунда К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин башкы окуу имаратына келип, эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Кытай Коомдук илимдер академиясынын делегациясын Абдылда Инаятович Мусаев жетектеген БГУнун жамааты жылуу тосуп алып, окуу жайдын билим берүү, илим изилдөө жана эл аралык байланыштар алкагындагы ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, тараптардын өз-ара кызматташуусуна ыңгайлуу өбөлгөлөр бар экендигин, зарыл болгон шарттардын талапка ылайык түзүлгөнүн көрсөтүп, Бишкек гуманитардык университети Кытай Коомдук илимдер Академиясы менен расмий кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Профессор Абдылда Инаятович Мусаев Кытай Коомдук илимдер академиясынын курамында түзүлгөн Байыркы Кытай тарыхын изилдөө институтунун директору профессор Бу Щиянчүнду кыргыздардын байыркы тарыхы боюнча жаңы маалыматтарды изилдеп, таап аларды 2019-жылдын 10-июнда Бишкекте өткөн “Кыргызстан менен Кытай Байыркы Жибек жолундагы достук мамиле жана байыркы кытай жазууларындагы кыргыздар тууралуу маалыматтарды изилдөө, жыйноо, жарыялоо” – деген аталыштагы Эл аралык илимий конференцияда алгачкы ирет талкууга коюлуп, кыргыз тарыхчыларынын колдоосуна ээ болгонун баса белгилөө менен жылуу куттуктады.

БГУнун Кыргызстанда, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринде Кытай боюнча бирден-бир илимий-маалыматтык жана адистик масштабдуу ресурска ээ экендигин эске алып, университеттин Кытай Коомдук илимдер академиясы менен илимий басылмалар жана тараптардын маалымат алмашуу, Бишкек гуманитардык университетинин кол жазмалар фондун кытай жазууларындагы кыргыздар тууралуу маалыматтардын фотосүрөттөрү, ксерокөчүрмөлөрү жана микрофильмдери менен толуктоонун зарылдыгын баса белгилешти.

Максатка ылайык Бишкек гуманитардык университетинин мыкты бүтүрүүчүлөрүнө Кытай Коомдук илимдер академиясынын магистратура жана аспирантурасына жыл сайын жолдомо берип турууну, Байыркы Кытай тарыхын изилдөө институтунун БГУнун алкагында курамдык бөлүмүн түзүүнү жана Бишкек гуманитардык университети менен Кытай Коомдук илимдер академиясынын ортосунда расмий кызматташуу келишимин иштеп чыгуу маселелери терең талкууланды. Тараптар талкууланган маселелер боюнча келишимдерге кол коюу үчүн кайрадан жакынкы аралыкта расмий жолугушууну да пландаштырды.

Евроазия университеттеринин ассоциациясынын мүчөсү, Кыргызстандагы гуманитардык билим берүү тармагынын лидери К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинен билим алууну тандаган жаш талапкерлерди алдыда чексиз ийгиликтер күтүп турганын ишенимдүү бекемдөөгө негиз бар. БГУ зор ийгиликтин, келечекке болгон ишенимдүү жолдун эшиги…

Бакай Абдылдаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: